Баткен облустук сотунда байкоочуга басым жасоого аракет кылышты

добавлен 13 сентября 2021 12:14
просмотров 762

 

 

2021-жыл 8-сентябрда Баткен облустук сотунда жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегия курамында төрагалык кылуучу Абдураимов Арзыбай Базарбаевич,  судьялар: Алимаулов.Н.Х., Абылакимов.А.А. жарандык ишти карады. Иштин мазмуну мыйзамсыз ээлеп алынган мүлктү бошотуу жөнүндө.Отурум ачык деп жарыялангандан кийин катчы келгендер жонундо маалымат берди. Ишти кароо саат 11:00гө белгиленип өз убагында башталды.  Отурумдун жүрүшүндө доогер тарап келбегендиги аныкталып судья тарабынан ал тууралуу тараптардын пикири суралды. Тараптар доогер тарап отурумга катышуусу зарыл деп жыйынтыгында ишти кайрадан кароо 16-сентябрь саат 14:00гө калтырылды.

Отурум аяктагандан кийин биздин Баткен облусундагы байкоочубуз сыртка чыккан учурда күзөт кызматкерлери андан:“Төрайымдан атайын отурумдарга катышууга уруксат алгансызбы? Бизге атайын ушундай тапшырма берилген”,- деп басым жасоону  аракет кылышкан. Байкоочу буга чейин төрайым менен жолугушуп өздүгүн тастыктоочу документтерге чейин корсоткондугун  билдирген. Бирок алардын айтымында сот процесстери ачык болсо да ага катышууга атайын уруксат болушу керек экендигин эскертишкен. Эң таң калыштуусу мындай тоскоолдуктар соңкү 5 айда болгон эмес.

P.S.  Байкоочу: «Бул боюнча айта турган болсом буга чейин “Баткен облустук сотуна элдер наразы,- деген макалам сайтка чыккан. Ошондон кийин мүмкүн мага карата кандайдыр чектөөлөрдү киргизип, процесстерге катышуума тосколдук жаратууга аракеттер көрүлө баштаган болушу мүмкүн. Бирок ал макалада байкоочунун жеке көз карашы эмес, элдердин сотко болгон пикири, наразычылыгы жазылган. Ошондуктан кандай тоскоолдуктар болбосун биз жумушубузду улантабыз жана адилетсиздиктер орун алса ачык чагылдырып барабыз”.