6-жаштагы бала узак жылдар токтобогон конфликттен улам окко учту

добавлен 09 сентября 2021 11:47
просмотров 604

 

 

2021-жылдын 7-сентябрь күнү биздин Баткен облусундагы байкоочубуз Баткен райондук сотунда мониторинг жүргүздү. Аталган райондук сотунда белгиленген сот отурумдары өз убагында өткөрүлүп, жумушчу графиги да ар жума жаңыланып турат.

Бүгүн саат 10:00гө адатдагыдай сот отуруму белгиленген. Байкоочу барган учурда чогулган жарандарды көргөн жана алардын отуруму саат канчага белгиленгенин сураган. Алар отурум саат 10:00гө белгиленген бирок кечигип жатат деп жооп беришкен. Биздин байкоочу эмне себептен сот процесси кечигип жаткандыгын тактоо максатында катчыгы кайрылган жана ал отурум жабырлануучу тарап келбегендиктен кийинкиге калтырылгандын айткан. Төрага Оморов Расул Бактыбековичке кайрылган учурда ал да чындыгында ишти кароо жабырлануучу тарап келбегендиктен калтырылгандыгын тастыктаган.

Жабырлануучу тараптын берген маалыматына караганда 2021-жылдын май айында эки коңушунун ортосундагы узак жылдар созулган конфиликттен улам 6 жаштагы  бала окко учкан. Жайлоодо жанаша жашаган А.С.К жана А.Т.Б. аттуу жаран узак жылдар пикир келишпестикте болушкан. Жабырлануучу А.С.К.нын айтымында конушусу А.Т.Б. аны жайлоодо үй куруп,  бак тиккени үчүн көрө албастык кылып келген. Соңку жылдарда ортодогу коңушулук мамилелер да үзүлгөн. 2021-жылдын май айында А.С.К.нын 6 жаштагы небереси коңушусунун үйүнө ойногону чыккан учурда мылтык менен мээсине аткан. Ок баланын мээсин тешип өткөн.  А.Т.Б. баланы атып аны төшөкө ороп жайлоодогу тикенектердин арасына жашырган. Баланын жоголгонун байкаган жакындары аны издей баштаганда кылмышкер кечке маал өзү аны жашырган жерден таап алгандай кылып алып чыккан.  Эми жабырлануучу тараптар соттон адилеттүү чечим чыгарылышын талап кылышат. Бүгүнкү күндө кылмышты жасагандар күнөсүн мойнуна алса дагы жоопкерчиликке тартылган жок жана ал бул ишти жалгыз жасган эмес дейт жабырлануучу тарап. Алардын көз карашында бул жерде алар билбеген жашыруун оюн бар.

Бүгүнкү күнгө чейин ортодогу пикир келишпестик күчөп А.Т.Б. аттуу жаран А.С.К.нын үстүнөн мени токмоктоду деп сотко кайрылган. Бугүн 7-сентябрда саат 10:00дө ушул иш каралышы керек болгон бирок жабырлануучу А.Т.Б. небереси ооруп калгандыктан отурумга келген эмес жана аны кароо калтырылган.

P. S. Мен бул окуя боюнча жеке пикиримди айтатурган болсом 6 жаштагы баланы конушусу атып  өлтүрүп биринчи кылмыш иши бир тараптуу чечилбей туруп анын атасына атайын тийишип мени токмоктоду деп сотко арыз менен кайрылып чара көрүнү суранганы бул адамгерчиликтен эмес деп эсептеймин. Бул окуя тийиштүү тартипте каралып 6 жаштагы баланы өлтүргөн кылмышкерлер жазага тартылышы керек деп эсептеймин. Бала мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Баткен райондук сотунда да башка жогорку инстанцияларда бул иш тыкыр иликтенет деп ишенебиз. Эң өкүнүчтүүсү күнөөсүз 6 жаштагы бала мерт кеткени. Биз бул окуяга дагы кайтабыз.