Куболор жок ишти кароо башка кунго жылдырылды

добавлен 09 сентября 2021 11:39
просмотров 497

 

 

2021-жылдын 7-сентябрында Баткен райондук сотунда судья Индира Турдуманбетова Таштанбековна тарабынан юридикалык фактыны аныктоо боюнча сот отуруму болуп өтту. Судья отурумду ачык деп жарыялагандан кийин катчы келгендер боюнча маалымат берди.

Отурум саат 14:00гө белгиленип өз убагында башталган. Доогер отурумга жактоочусу жок келгендиктен судья ага: "Озүңүздү жактоочусуз коргой аласызбы?" - деп суралганда, ал: "Ооба, коргой алам, жактоочум себептүү болгондуктан келе алган жок" - деп жооп берди. Отурум боюнча башка кызыкчылыгы бар тараптарга да кабар берилген бирок алар келген эмес. Аларга кабар берилгендиктен ишти кароону токтотууга негиз жок деп судья өз ишин улантты. Бул боюнча доогерден макулдугу да суралды. Ошентип доогерге өздүгүн тактоо максатында судья тарабынан суроолор берилди, ага укук жана милдеттери да угузулду.

Маалыматка караганда Э.Т.О.нун 1996-жылы төрөлгөн кызы 1997-жылы каза болгон. Анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болгон эмес. Ошондой эле каза болгондугу тууралуу да эч жерде катталган эмес. Атасынын айтымында кызынын өлгөндүгүн коңушулары билишет.  Сотко ушул маселе боюнча арыз менен кайрылган.

Судья доогерге келтирген арызында көрсөтүлгөн үч күбө келгенби деп сураганда ал отурум башталганда чакырам деп бирок жетишпей калганын билдирди. Судья күбөлөрдү кийинки отурумга сөзсүз чакырууну дайындап процессти кайрадан 2021-жылдын 15-сентябрь саат 15:00гө калтырды.