Убакытты создуктуруп жатышат

добавлен 06 сентября 2021 12:11
просмотров 644

 

 

2021-жылдын 25-августунда Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Маматалиев Т. А. КР ЖКнын 204-бер. 3-б. менен айыпталган Э. М.дин жазык ишин саат 10:00гө кароого койгон.

Сот отуруму өз убагында башталды. Судья Маматалиев Т. А. сот отурумун ачык деп,  кайсы иш каралып жатканын айтты.

Катчы сот отурумуна келгендер жөнүндө маалымдады. Сот отурумуна жабырлануучу, прокурор жана  айыпталуучу келген. Андан сырткары Э. М.ден жапа чеккен адамдар да көрүүчү катары келишкен.

 Айыпталуучунун адвокаты келген эмес. Бирок ал төрагалык кылуучу судьяга жазуу түрүндө кайрылуу калтырып кеткен. Ал кайрылууда атасы ооруп Чоң-Алайга атасын караганы кеткенин белгилеп, сот отурумун жылдырып берүүнү суранган.

Жабырлануучу бүгүн Чоң-Алайга чалып тааныштарынан айыпталуучунун адвокатынын атасын сураган, «Атасынын ден соолугу жакшы. Кой кайтарып жүрөт»,- деп айтышкан тааныштары. Муну атайын убакыт создуктуруш үчүн кылып жатканын белгилеп кетти.

Судья Маматалиев Т. А. айыпталуучудан  «Айыптоо актысын алдыңызбы?»,- деп сурады. Ал «Жок»- деп жооп берди. Судья «Дагы деле ала элексизби?»,- деп сурады. Айыпталуучу «Барсам тергөөчү жок экен»,- деп жооп берди. Буга чейинки сот отурумунда да айыптоо актысын албагандыктан сот отуруму жылган. Биз бул жөнүндө жазганбыз.

Прокурор айыптоо актысын алганы прокуротурага келсе болорун айтты.

Судья Маматалиев Т. А. сот отурумун 7-сентябрьга жылдырды. Бирок ага жабырлануучу  «Плановый назначения жокпу силерде? Бул жарандык иш эмес 10-15 күнгө жылдыргыдай!»,- деп нааразы болду.