Биринчи сот отурумунда эле доогердин отунучу сот тарабынан эске алынды жана канааттандырылды

добавлен 19 августа 2021 17:48
просмотров 525

 

 

2021-жылдын 18-августунда Баткен райондук сотунда биздин байкоочу мониторинг жүргүздү.

Бүгүн аталган райондук сотунда судья И. Т. Т., судьялыгында жарандык иш каралды. Судья сотту ачыктагандан кийин катчы тараптар менен таныштырды. Доогер А.Ж.С атуу жаран  сотко ажырашуу боюнча арызын канаттандырып берүү өтүнүчү менен  кайрылган. Соттук иш саат 11:00 гө белгиленип өз убагында башталган. Ал эми жоопкер А.А.Б. сотко келбегендиги себепсиз болгондуктан судья ишти токтотууга негиз жоктугун айтып аны улантууну билдирди. Мындан сырткары доогерге судья тарабынан укук жана милдеттери түшүндүрүлдү. Ага сөз берилип, ал эмне себептен ажырашып жаткандыгы боюнча судьяга түшүндүрмө берди. Судья кеңешүү бөлмөсүнө чыкты. Судья тараптардын келтирген доо арыздардын карап, пикирлерин угуп ажырашуу боюнча өтүнүчтү канааттандыруу чечимин кабыл алды. Ошондой эле судья И.Т.Т., чечимдин эмне себептен канаатандырылгандыгы боюнча да келгендерге кыскача түшүндүрмө берип өттү.