Баткен облустук сотунда иштер коп учурда негизсиз создуктурула берет!

добавлен 26 июля 2021 12:59
просмотров 641

 

 

2021-жылдын 12-июль куну  Баткен облустук сотунда КР КЖКнин 202-беренеси боюнча козголгон жазык иши каралып, соттук коллегиянын курамында: Алимкулов Н, Пазылов М, Туленбаев А., процесске киришишти. Судья отурумду ачык деп жарыялады жана катчы келген катышуучулар жонундо маалымат берди. Ишти кароо саат 11:00 го белгиленип, оз убагында башталган. Судья айыпталуучунун оздугун тастыктоо максатында ага бир нече суроо менен кайрылды. Белгилей кетуучу нерсе айыпталуучу буга чейин соттолгон эмес.  Айыпталуучу Н.С.А. буга  чейин жол транспорт кырсыгына кабылып, башынан жаракат алган жана учурда майыптыгы бар.  Судья келгендерге жазык иштин мазмуну менен таныштырып, буга чейин Кызыл-Кыя шаардык соту анын майыптыгын жана ден-соолугундагы койгойлорду эске албастан 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууга окум чыгаргандыгын билдирди. Судья тарабынан отунмолор барбы деп суралган учурда, айыпталуучунун жактоочусу Н.С.А.нын чындыгында майыптыгын тастыктаган справкасы бар экендигин жана ага карата стоцианардык экспертиза ооткорууну суранды. Судья жазык иши боюнча прокурордун, жактоочунун жана айыпталуучунун  пикирин угуп ишти кайрадан кароону 2021-жылдын 15-июлуна калтырып койду.

P. S.  Баткен областык  сотунда судьялар эмнегедир  негизсиз ишти создуктуруп конуп калышканбы же бул аларга конумуш адатка айланганбы,  же мындан аларга бир пайда барбы ишти кароо бугун жыйынтыкталат же сот залынан негизсиз айыпталган жаран чыгып кетет деп турсан эле “Ишти кароону баланча кунго калтырдык”,- деп айтышат. Тараптар келбей калды же жактоочу жок же дагы бир маселе себептуу калса да тушунсо болот. Бирок тараптар толук болуп турган кезде да ишти улам создуктура берген жеке жаран катары менде суроо туудурбай койбойт. Мындан сырткары Баткен облустук сотунда бир кундо каралган иштен кеминде 5 иш кийинкиге калтырылды. Бул биринчи жолу эмес биз буга чейин да жазып келгенбиз. Шаардык, райондук соттордо чечимин таппаган иштер облустук сотунда адилеттуу чечимин табат деп умут артып келген жарандардын минтип адилетсиздике туш болгону ото окунучтуу. Мумкун бул жерде судьялардын биз билбеген жашыруун сыры же акыйкаты бар болгон чыгаар.