Судья телефон аркылуу айыпталуучулардын оздугун тактады...

добавлен 23 июня 2021 17:47
просмотров 765

 

 

2021-жылдын 16-июнь күнү Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Батыржанов Ж. КРнын ЖКнин 202-беренеси менен айыпталган А. у. Э., Б. у. Д жана А. у. Ж.лардын соттук иши саат 15:00дө каралды.

Сот отурумун төрагалык кылуучу судья ачык деп жарыялады жана сот отурумунун катчысы сот отурумуна келген тараптар жөнүндө маалымдады. Сот отурумуна прокурор, айыпталуучу тараптан эки адвокат жана жабырлануучунун өкүлү келишти.

Жабырлануучу РФнын жараны болуп паспортунун мөөнөтү бутуп бара жаткандыгына байланыштуу РФнын Сочи шаарына кетип калган.

Айыпталуучуларды СИЗОдон онлайн байланышка чыгарды. Бирок техникалык мүчүлүштүкө байланыштуу айыпталуучулардын үнүн угууга мүмкүнчүлүк болбой жатты. Ал эми судьянын катчысы СИЗОго телефон аркылуу байланышка чыгууга аргасыз болду. Судья Батыржанов Ж. телефон аркылуу айыпталуучулардын өздүгүн тактап, айыпталуучулардын укук-милдеттери менен тааныштырып, сот отурумунун курамын айтып кетти жана эч ким сот курамына ишенбөөчүүлүк көрсөткөн жок.

Мамлекеттик айыптоочу айыптоо актысы менен тааныштырды. Айыптоо актысынын кыскача мазмуну төмөндөгүдөй: айыпталуучулар А. у. Э., Б. у. Д жана А. у. Ж. алдын ала макулдашып алышып башка бирөөнү бычак менен коркутуп карактоо максатында Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде 2021-жылдын 29-апрелинде саат 21:30 чамасында жабырлануучу Г. М. Р.колундагы ак түстөгү телефонду карактап алып койуп, изин жашырып качып кетишкен. Жыйынтыгында жабырлануучуга 18000 сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Сөздү жабырлануучунун өкүлү болгон тайэнесине берди. Анын айтымында өзүнүн 4500 сом пенсия алгандыгына карабастан жабырлануучу Г. М. Р.га (небересине) кредитке окуусуна керек болот деп телефон алып берген. Окуя болгон күнү Г. М. Р. (небереси) досу менен Сулайман тоого сыйынганы чыккан мезгилде айыпталуучулар жабырлануучуга бычак такап коркутуп телефонун алып качып кетишкен. Небереси болгон окуяны бир күндөн кийин келип айтып берген. Бирок жабырлануучунун өкүлү сөзүн жыйынтыктап жатып «Айыпталуучуларга эч кандай доом жок. Бир гана телефонду кайтарып берсин. Мен дагы энемин. Булардын ата-энесин түшүнөм.»,- деп айтты.

Судья Батыржанов Ж. азыркы учурда телефон сотто тургандыгын, ал телефонду соттун чечими чыккандан кийин кайтарып берерин айтты.

Сот отурумунун уландысы 25-июндун саат 9:00го болот.