Баткен областык жана райондук сотторунда коп учурда ишти кароо кийинкиге калтырылат. Буга эмне себеп?

добавлен 17 июня 2021 16:26
просмотров 646

 

 

 2021-жылдын 10-июнь куну Баткен райондук сотунда биздин байкоочу кезектеги сот отурумуна катышты.

Алгач катчы келгендер менен тааныштырды. Торагалык кылуучу судья Оморов Расул Бактыбекович иштин мазмуну менен тааныштырып, сотту ачык деп жарыялады. Торага келгендерден: «Кошумча суроолор жана сунуштар барбы?» - деп сурады. Иштин мааниси “Олгондугу тууралуу фактыны аныктоо” боюнча болду. Отурумга арыз берген тарап келген эмес. Ошол себептуу алдын ала сот отуруму жыйынтыкталып, соттук териштирууго дайындалды.

P. S. Биздин байкоочунун байкоосуна ылайык, Баткен областык жана райондук сотторунда коп учурда тараптар келбей калгандыгы себептуу ишти кароону судьялар башка кундорго жылдырылганга аргасыз болушат. Судьялар ошондой эле арыз берген жана башка тараптарды жоопкерчиликтуу болууга чакырат.