Оз ара келишкени убакыт сураган жабырлануучу

добавлен 15 апреля 2021 12:42
просмотров 699

 

 

2021 жылдын 14-апрелинде Ош шаардык сотунда жаран Н. А. Р.дин КР КЖКнин 204-беренеси боюнча козголгон кылмыш иши төрагалык кылган судья Алибаев Б. М. менен каралды.  

Айыпталуучуну СИЗО тараптан дайындалган убакыта онлайн байланышка чыгарышты.

Сот отуруму саат 10:00 до башталды. 

Судья Алибаев Б. М. сот отурумду ачык деп жарыялады. Катчы келгендер жөнүндө маалымат берди. Отурумга мамлекеттик айыптоочу Мукашева., жабырлануучу А. Ш., жана айыпталуучунун жактоочусу Камбарова Ч. келишти. 

Судья Алибаев Б. М. жабырлануучу А. Ш. жана айыталуучу Н. А.нын өздүгүн тактап жана алардын укуктарын окуп берди. Отурумга күбөлөр келген жок. Судья Алибаев Б. М. жабырлануучуну 7 жолу сотко чакырылып, бирок келбегенин жана мындан ары сотко чакырылган мезгилде мидеттүү түрдө келүүсүн айтты.

Эрежеге ылайык сот процесси уланып, төрагалык кылган сот айыпталуучуга жана жабырлануучуга сөз берип, окуя болгон 2020-жылдын 25-август күндөгү иштин чоо-жайын алар төмөндөгүдөй кылып айтып беришти: айыпталуучу жабырлануучудан 26 тонна коонду 18 сомдон баалап, 470.000 сомдук коон алган.  Бирок айыпталуучу  бир нече кундон кийин алган коондорунун асты жагы чирик экенин жабырлануучуга айтканда ал 470.000 сомдук коонду 70.000 сомго баасын түшүрүп, кайра 400. 000 сомго баалап берген. Айыпталуучу 2 жуманын ичинде 50.000 сом берип калган 350000 сом акчаны бүгүнкү күнгө чейин бере элек. 

Мамлекетиик айыптоочу менен жабырлануучунун жактоочусу болуп өткөн окуя туурасында суроолорду беришти. Судья Алибаев Б. М. сот отурумун жыйынтыктоону сунуш кылды.

Мамлекеттик айыптоочу айыпталуучуга карата 3жыл эркинен ажыратуу, айып пул жана жабырлануучуга келтирилген материалдык чыгымды өндүрүүнү суранды. 

Жабырлануучуга жарыш сөз берилди. Бирок ал эмне суранаарын билбей, 10 күн убакыт берүүнү суранды. 10күндө айыпталуучу менен өз ара сүйлөшө турган болушту. 

Сот отуруму 3-майга саат 13:00 гө жылдырылды. 

P. S. Жабырлануучу мамлекеттик айыптоочунун суранган жазасын угуп кабатыр болуп кеткендей. Айыпталуучу акчасын кайтарып берсе камата турган ниети жок көрүндү. Ошол себептен кичине убакыт сурандай.