Куран китеп которуп келген айыпталуучу

добавлен 13 апреля 2021 14:46
просмотров 775

 

 

2021-жылдын 12-апрель күнү Ош облустук сотунун жазык иштери жана жоркутар жонундо иштер боюнча соттук   коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу Кубатов А. Э., судьялар: Джунусов З. Т., жана Закиров С. Ж. КР  Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси менен айыпталган жаран А. Г.нын сот иши саат 10:00до  башталды.

Төрагалык кулуучу айыпталуучунун жана жабырлануучунун аты-жөнүн, туулган жыл, ай, күнүн сурады жана аларга  мурунку сот процессинде төрагалык кылуучу  сот Жобонов К.К. оруп калганы үчүн соттун курамы өзгөргөнүн айтып кетти. 

Жабырлануучунун жактоочусу 10-апрель күнү айыпталуучуга уурулук беренеси менен дагы бир арыз жазылганын айтып, КЖБРга катоого чейинки тийиштүү маалымдаманы  тиркеп коюшун өтүндү. Жактоочунун айтуусу боюнча айыпталуучу жабырлануучунун үйүнөн килемдерди уурдаган.

Прокурор каршы болгон жок. Ал эми айыпталуучу тарап  каршы болду. Бирок төрага Кубатов А. Э. жабырлануучу тараптын өтүнүчүн канааттандырып иш кагазына тиркеди. Айыпталуучу тараптын жактоочусу айыпталуучунун жүрөк оорусу жана кант диабети менен ооруп 01.04 баштап 12.04 чейин ооруканада жатканы жөнүндө маалымдаманы  тиркеп коюшун өтүндү.

Прокурор каршы эмес экендигин айтты.  Жабырлануучунун жактоочусу бейтап баянынын көчүрмөсүндө чыгыш номери жоктугун  белгилеп каршы болду.

Жабырлануучу Т. Ж. төрага  Кубатовго А. Э. айыпталуучу А. Г.нын богот коюуу чарасын өзгөртүп камака алууну суранды. Прокурор жабырлануучудан:"Сот процесси качан башталган?" деп сурады. Жабырлануучу Т. Ж. 20-декабрьда башталганын айтты. Прокурор:"Ошондо айыпталуучу А. Г. 3 ай соттук териштирүү болсо, 3 айдан бери келбедиби?" деп кайра сурады. Жабырлануучу :"Ооба",- деп жооп берди. Айыпталуучу А. Г. "3 айдан бери ооруп жатам. Азыр да ооруп, сахарым көтөрүлүп, кан басымым 200гө чыгып жатат",- деп жооп берди жана өз жактоочусуна ооруканада катталгандыгы жонундо маалымдаманы көрсөтүп коюусун айтты. Жактоочусу баары ишке тиркелгендигин айтты. Төрага Кубатов А.Э.  жабырлануучу Т. Ж. жана жактоочусуна сөз берди. Алар айыпталуучу А. Г. "Мухамед-Умар" спорт клубунун балдарын жиберип коркутуп жатканын, кызын урдуртуп башы жабыркаганын айтып, жактоочусу экөө айыпталуучуну камака алуусун суранышты. Төрага Кубатов  А.Э. айыпталуучу А. Г. да сөз берди. Ал бардык айткандары жалган экендигин айтып, жабырлануучу Т. Ж. 3 жылдан бери айыпталуучунун баасы 75000$ турган үйүндө жашап, ошону бошотуп бербөө максатында үстүнөн 204-берене менен  иш козготконун айтты. Жашы улгайып 70ке жакындап калганын айтып, "Куран" китепти сумкасынан алып:"Төрага уруксат берсениз Т. Ж.(жабырлануучу) колуна ушул "Куран" китепти алып сүйлөсүнчү",- деп айтты.

Жабырлануучу Т. Ж. жана сот колегиясы каршы болушту. Айыпталуучунун жактоочусу  соттук коллегиядан Кара-Суу райондук соттун токтомун күчүндө калтырышын суранды.

Прокурор бул иш боюнча кылмыш ишин кыскартууну суранды. Соттук коллегия окум чыгарыш үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгышты.

Соттук колегия Кара-Суу райондук соттун токтомун күчүндө калтырып, апелляциялык ишти кароосуз калтырып кыскартууну чечти. Төрага Кубатов А. Э.:"Бул токтом даттанууга жатпайт облустук  сотто" деп аяктады.