Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кенеши Ош облусунун райондук сотторунун айрым судьялары менен маектешуу откорду

добавлен 13 апреля 2021 12:05
просмотров 1415

 

 

6-апрель 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңеши Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат райондук сотторунун судьялары менен  маектешүү өткөрдү. Тандоо кенешинин курмы: төрага Камчыбеков Ш.Р., төраганын орун басары Жолдошева Л.Ч. жана Кеңештин мүчөлөрү: Барыктабасова Э.Б., Дүйшеналиева Б.Ж., Сулайманова Ж.А., Арзыбаева А.З., Сатылганова Б.Ы., Динеева М.С.

Маектешүүгө биринчилерден болуп Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясы Сооронбаев Нурланбек Курманбекович кирди.

Төраганын орун басары Л.Жолдошеванын суроосу: "Эмне үчүн сиз бул кызматка татыктуумун деп ойлойсуз?" Судьянын жообу: - “Мен сот тутумунда 2005-жылдан бери иштейм, алардын ичинен 5 жыл судья болуп иштедим. Менин тийиштүү кесиптик билимим бар жана сот болуп иштөөгө толук жөндөмүм бар. Андан ары, төрага Камчыбеков Ш.Р: "Кесиптик деформация деген эмне?",- деп суроо узатты. Талапкердин жообу: “Мына ушул учурда судья кызмат абалынан тышкары пайдаланып, адамдар менен текебер мамиледе болот. Мисалы, тараптарга орой мамиле кылат". Андан кийин Сооронбаев Н. мыйзамдардагы акыркы өзгөртүүлөр, соттук реформа боюнча Концепциянын негизги жоболору жөнүндө айтып берди. Маектин жыйынтыгында ал 45, 125 упай топтоду. Кеңештин бардык мүчөлөрү добуш беришти жана Н.К.Сооронбаев Кыргыз Республикасынын Президентине  судьялыкка курактык чегине чейин дайындоо үчүн сунушталды.

Кийин жыйындар залына  Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясы - Токтомаматов Кыялбек Жантороевич чакырылды. Анын 16 жылдык жалпы юридикалык тажрыйбасы бар жана акыркы 5 жылында сот болуп иштеген. Сот актыларынын жокко чыгарылышы 35,11% түздү. Биринчи этапта ал 11,7 упай топтогон. Токтомаматов К.Ж сотту сыйлабагандыгы үчүн жоопкерчиликтин түрлөрү жөнүндө айтып, ал эскертүү жана айып пул салган. Андан кийин Кеңештин мүчөлөрүнүн бири "Кесиптик квалификацияңызды кантип өркүндөтөсүз?",-деп сурады. Судьянын жообу:"Мен ар кандай семинарларга, тегерек столдорго катышам жана сот практикасынын кыскача баяндамаларын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун жана Россия Федерациясынын Жогорку Сотунун Пленумунун чечимдерин окуйм." Кеңештин мүчөсү Э.Б.Барыктабасова: "Сиз кабыл алган сот актыларынын жокко чыгарылышынын себептери эмнеде? " Токтомаматов К.Ж. Президенттин мунапыс жөнүндөгү жарлыгы бар, тараптардын жарашкан учурлары болгон, кылмыштардын айрым түрлөрү криминалсыздандырылган деп жооп берди. Кеңештин мүчөсү: "Сиздин кетирген катаңыз үчүн сот актысы жокко чыгарылган учурлар болду беле?" Токтомаматов К.Ж чындыгында ката кетиргенде эки мисал келтирди. Маектин жыйынтыгында ал 45,5% упай топтоду. Төраганын орун басары Л.Ч.Жолдошова "каршы", калганы "макул" деп добуш берди. Көпчүлүк добуш менен К.Ж.Токтомаматовдун судьялыкка  талапкерлиги курактык чегине чейин дайындоо үчүн сунушталды.

Андан кийин маектешүүгө Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясы - Анарботоева Бүбүсара Рустамовна кирди. Ал 16 жылдан ашуун юридикалык тармакта эмгектенип, акыркы 5 жылдан бери сот болуп иштеп келе жатат. Анарботоева Б.Р. тарабынан сот актыларынын жокко чыгарылышы 27,37% түздү. Биринчи этаптын жыйынтыгында ал 10,7 упай топтоду. Маектешүү учурунда ал "акыйкаттык" жана "мыйзамдуулук" түшүнүктөрүнүн өз ара байланышы жөнүндө айтып берди. Кеңештин мүчөсү сурады: "Кээде иш жүзүндө мыйзамдуу, бирок акыйкатсыз чечим болобу?",-деп сурады. Анарботоева Б.Р. мындай  деп жооп берди. Мисал катары, ал "Бейбаштык" беренеси боюнча бир нече адам жоопко тартылган учурлар жөнүндө айтып берди. Адам кокусунан көбүрөөк күнөөсү бар башка адамдар менен бейбаштыкка барган учурлар бар. Ушул берененин экинчи бөлүгүнө ылайык, санкция эркинен ажыратууга  гана каралган. Судья адамдын моралдык-этикалык сапаттарын изилдеп, эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазаны колдонсо болорун түшүнөт, бирок колдоно албайт. Мындай учурда судья мыйзамдуу, бирок адилетсиз чечим чыгарат. Жалпы маектешүүнүн жыйынтыгында Анарботоева Б.Р 50 упай топтоду. Кеңешменин мүчөлөрү тарабынан судьялыкка курактык чегине чейин дайындоо үчүн сунушталды.

Андан кийин Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясы - Сарыбаев Өмүрбек Рыскулович чакырылды. Анын 15 жылдан ашык юридикалык тажрыйбасы бар, анын ичинде 5 жыл судья болуп иштеген. Сот актыларынын жокко чыгарылышы 27% түздү. Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча ал 11,7 упай топтогон. Сарыбаев О.Р Сот адилетлилигинин жогорку мектебинин машыктыруучусу болуп иштейт, бирок ал атайын сертификат тапшырбастан, жөн гана машыктыруучу күбөлүгүн тиркегендиктен, кенештин мучолору  упай кошушкан жок. Маектешүү учурунда ага соттордун көзкарандысыздыгына байланыштуу суроо берилди. Ал эми Кеңештин мүчөлөрүнүн бири суроо берди: "Сиздин иш тажрыйбаңызда кысым көрсөтүү учурлары болгонбу?" Сарыбаев О.Р. өзүнүн иш тажрыйбасында ага эч кандай кысым болбогондугун, бирок Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөсү катары райондук соттун судьялары тарабынан кызмат адамдарына кысым көрсөтүү аракеттери жөнүндө даттанууларга туш болдум  деп жооп берди. Маектешүүнүн жыйынтыгында талапкер 47,375 балл алды. Кеңешменин бардык мүчөлөрү ОР О.Сарыбаевди судьялык кызмат ордуна  курактык чегине чейин дайындоо үчүн  "макул" деп добуш беришти.

 

Акыркы маектешүү Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы - Бодоев Абдимавлян Коконович  менен болду. А.К.Бодоевдин юридикалык тажрыйбасы 18 жылдан ашык, анын акыркы 5 жылы соттук тажрыйба. Сот актыларынын жокко чыгарылышы 32,84% түздү. Ошондой эле, жеке маалыматтарды жана А.К.Бодоевдин мүлкү жөнүндө маалыматтарды текшерүү учурунда талапкер анкетада өзүнүн атына катталган кыймылсыз мүлктү көрсөткөн эмес. Ал муну байкабай калгандыгы менен  түшүндүрдү, анткени жакын туугандарынын мүлкүн толугу менен көрсөткөн, андан тышкары ага таандык болгон кыймылсыз мүлктүн бардыгы салык декларациясында көрсөтүлгөн. Бирок Кеңештин мүчөлөрү критерийлерге ылайык, бул жаап-жашыруу катары бааланып, "туура эмес" категориясындагы 4 упай алынып салынгандыгын айтышты. Биринчи этаптын жыйынтыгында А.К.Бодоев 7,8 упай алган. Маектешүү учурунда ага суроо берилди: "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөсү катары, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши коррупциянын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып бере аласызбы?" А.К.Бодоев мындай деп жооп берди: "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши жалпысынан көптөгөн чараларды көрөт, эгерде сиз конкреттүү мисал келтирсеңиз, анда сотторго үй куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү маселеси каралып жатат, бул соттордун жашоо денгээдин жогорулатат". Маектин жыйынтыгы боюнча ал 45,175 упай топтоду. Кыргыз Республикасынын Сотторун тандоо кеңешинин мүчөлөрүнүн бир добуштан чечими менен Бодоев Абдимавлян Коконович Кыргыз Республикасынын Президентине курактык чегине чейин судьялык кызмат ордуна дайындоо үчүн сунушталды (орус тилинде макала бул жерде).

Ушуну менен отуруш аяктады.