Ош шаардык сотунда каралып жаткан кылмыш иштердин биринде...

добавлен 12 апреля 2021 17:44
просмотров 497

 

 

2021-жылдын 9-апрель күнү Ош шаардык сотунда судья Турдалиев Н. Н. КР КЖнын 320-бер. 3-бөл., 143-бер. 2-бөл., 135, 320, 321, 172 беренелери менен айыпталган А. С., Э. У., С. Д., А. Ш., О. А., жана Ш. С. жарандардын кылмыш ишин кароону улантты. 
 
Сот залына айыпталуучуларды кечигип алып келишкендиктен сот процесси саат 14:44дө башталды. Бул сот процессине катышкан адам көп болду. Эки тараптын коргоочулары, прокурор жана 4 күбө келди. Бирок жабырлануучу өзү жана анын бир да тарапташы келбегенин белгилешти. Судья эки тараптын жактоочуларынын жана прокурорлордон ойлорун сурады. Айыпталуучулардын жактоочусу туруп, жабырлануучу милдеттүү турдө катышыш керектигин, бул иш өтө татаал экендигин, жабырлануучуга суроолор бар экенин, сот процесстерине катыша албаса жазуу түрүндө тил катын берүүсү абзел экендигин айтып кетти жана сот отурумун башка башка күнгө жылдырып беришин суранды. Жабырлануучунун адвокаты жана прокурорлор толугу менен бул айтылган сөздөргө кошулушту. Судья прокурорлорго жабырлануучуну кийинки боло турган процесске камсыз кылуусун айтты. Прокурорлор жабырлануучунун жактоочусу келбеген учурда эскертип коюшун жана "ушунча адамдарды, кызматкерлерди убара кылдынар" деп айтышты. 
Судья баарын угуп, сот процессин 28-апрель саат 14:30га жылдырды.