Прокурорго иш менен таанышуу учун убакыт берилди.

добавлен 15 марта 2021 16:17
просмотров 1074

 

 

Бугун 2021-жылдын 15-марттында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту айыпталуучу Садырбай к. Айжамалга карата 2016-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотту чыгарган өкүмүнө жана 2018-жылы Бишкек шаардык соттунун чыгарган аныктамасына келтирилген кассациалык даттануусу каралды. Биз бул иш тууралу жазганбыз.  Соттук коллегия отурумду ачык деп жарыялап, сотко кимдер келгендигин тактады. Андан соң соттук коллегиянын курамын жарыялады, ишти КР Жогорку соттунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы: төрагалык кылуучу Токтомамбетов К. Б., судьялар Назаров Д. Д. жана Эшалиев Н. К.,  сот отурумдун катчысы Омурзакова, мамлекеттик айыптоочу Орозбек у. Э. катышуусу менен каралууда. Төрагалык кылуучу: «Соттун курамына жана отурумдун катышуучуларына ишенбөөчүлүк жарыялоо болобу? Жана соттук териштирүү башталардын алдында өтүнүчтөр барбы?»- деп тараптардан сурады. Тараптар коллегиянын курамына  ишенбөөчүлүк көрсөткөн  жок. Прокурор, буга чейин ишке катышып жаткан мамлекеттик айыптоочу ооруп келбей калгандыгына жана ал иш менен жаңы таанышып жатканына байланыштуу, ишти башка күнгө жылдырып берүүнү суранды. Бул өтүнүч боюнча айыпталуучу жана анын жактоочусу каршы болгон жок. Келтирилген өтүнүч канаттандырылып, сот отуруму 2021-жылдын 24-мартына,  саат 10.15 жылдырылды.