Мыйзамды сыйлабаган судьялар...

добавлен 10 февраля 2021 14:15
просмотров 1189

 

 

2021-жылдын 10-февраль куну Ленин райондук сотунун судьясы Ф.О. Осмонов КР КЖК 204-беренеси боюнча жаран Ж. Элебесовго козголгон кылмыш ишин карады.

Процесс саат 9:30 коюлган. Процесстин катышуучулары сот залына 9:45 чакырылышты. Байкоочу кирип бара жатканда сот катчысы андан: «Кимсинер?», - деп сурады. Байкоочу сот залына киргенде катчы судьянын жардамчысына байкоочу келгендигин айтып жатыптыр. Судьянын жардамчысы соттун макулдугу керектигин айтты. Байкоочу:«Жазык-процесстик кодекси боюнча соттук териштируулор ачык»,- деп тушундургонуно карабастан, катчы судьяга кирип кетти. Судья сот залына кирип кайсыл иш каралып жатканын жарыялады. Катчы сот залына айыптоолучу, жабырлануучу жана прокурор келгени жонундо мааалымат берди. «Ким келди деп айттынар эле?»,- деп судья качтыдан сураганда «KOOM. KG»,-деген жооп алды. «Ким "KOOM. KG"»,- деп залда олтурган адамадардан  сурады. Байкоочу: «Мен»,- деп жооп берди. Торагалык кылуучу  «"KOOM. KG" залда олтурганына эч ким каршы эмеспи?», - деп тараптардан сурады. Эч ким каршылык корсоткон жок. Ишти кароо убагында сотко кубо келбегендиги билинди. Судья ал акыркы сурала элек кубо экендигин айтты жана айыпталуучудан: «Кубо силерге тууган болуп кетет беле?»,-деп сурады. Ж. Элебесов «жок» деди. Прокурор сотко кубону мажбулоо турундо алып келуу жонундо отунуч келтирди. Тараптар каршы болгон жок. Судья айыпталуучуга процесске кечикпей келуусун эстетти. Кийинки процесс 25-февраль 11:00 коюлду.

P.S. КР Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 5-болумундо «Ачык сот отрурумуна катышкан адамдар аудио жазууну жана жазууну жургузугоо укуктуу …» деп жазылган. Ошол эле беренеде мыйзам кандай иштерди жабык териштурууго каралары жазылган.  КР Кылмыш жаза кодексинин 204-беренеси боюнча козголгон иш ал тизмеге кирбейт.

Соттун катчылары байкоочуларга отурумга кирууго судьянын макулдугун алыш керек экенин кайсы мыйзамдын таянып айтып жатышат? Бул корунушту Бишкек шаарынын баардык райондук соттоорунан байкадык.  Же судьялар курактык чегине жеткенге чейин дайындалгандан кийин оздорун мыйзамдан жогору сезип башташтыбы?