Жактоочу келбегендиктен кылмыш ишин кароо жылдырылды

добавлен 09 февраля 2021 18:33
просмотров 824

 

 

2021-жылдын 9-февралында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда төрагалык кылуучу судья С. К. Жумагулов КЖКнин 313-беренесинин 1-бөлүгү боюнча жаран Айдаров М.  карата КР козголгон кылмыш ишин кароону уланты. Бул иш жөнүндө мурун жазганбыз.

Соттук процесс саат 16:00 го белгиленген. Так ошол убакытта сот отурумунун катчысы коридорго чыгып  Айдаров М. ишине келген жарандарды залга чакырды. Айыпталуучу катчыга кирип жактоочусу кечигип жатканын айтты. Бир аз убыкаттан кийин Айдаров М. сот залына чакырылды. «Жактоочу процессти бир саатка жылдырып берүүнү суранган, бирок мен убакытты өзгөртө албайм, анткени башка иштер да белгиленген. Дагы бир аз күтөлү»,-деп судья айтты. Он мүнөткө жетпей айыпталуучу кайра сот залына чакырылды. Судья кайсыл иш каралып жатканын жарыялады, катчы процесске айыпталуучу, прокурор келип, ал эми жактоочу келбегендиги жөнүндө маалымдады. Судья: « Жактоочу жок ишти кароого мүмкүнчүлүк барбы?»,-деп сурады. Айдаров М. менен прокурор  мүмкүн эместигин  айтышты. Төрагалык кылуучу бүгүнкү процесске күбө келбегендигин баса белгилеп, прокрорго анын сотко келишин камсыз кылуусун  айтты. Эмки процесс 25-февраль саат 15:00 коюлду.