Кубо катары чакырылган опер кызматкерлери сотко кайра келген жок

добавлен 19 января 2021 12:52
просмотров 899

 

 

2021-жылдын 18 январында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда төрагалык кылуучу судья С. К. Жумагулов КЖКнин 313-беренесинин 1-бөлүгү боюнча жаран М. Т. Айдаровго карата КР козголгон кылмыш ишин кароону уланты. Биз бул иш жөнүндө жазганбыз.

Сот отурумду өз убагында ачык деп жарыялады, катчы тараптардын келгендиги жөнүндө маалымат айтты. Отурумга мамлекеттик айыптоочу, адвокат жана айыпталуучу келишти. Бугунку отурумда сурала турган күбө жумушу боюнча регионго командировка кетип, отурумга келе албай калгандыгы билинди. Сот катушуучулардан: «Бул күбөлөр сөзсүз суракка алыныш керекпи? Пикирлер кандай?» деп суроо узатты. Айыпталуучу Айдаров жана анын жактоочусу Султанов бул күбө жана дагы бир күбө сөзсүз суракка алынышы керек экендигин айтышты. Пикирлерди уккан со, судья мамлекеттик айыптоочуга кийинки отурумга күбөлөрду камсыз кылууну айтты, себеби процессуалдык мөөнөттөрдүн өтүшү. Кийинки отурум 2021-жылдын 2-февралына саат 15:00 дайындалды.