Далилдерди алып салуу жонундо отунуч алдын ала угууда каралат

добавлен 24 декабря 2020 16:41
просмотров 998

 

 

2020-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда төрагалык кылуучу сот С. К. Жумадылов,  КР КЖКнын 315-б. 1-б. боюнча М. Т. Айдаровго карата козголгон кылмыш ишин карады.

Отурум саат 11:00 го дайындыган, бирок айыпталуучу менен анын жактоочусу 20 мүнөткө кечигип келишти. М. Т. Айдаров сотко далилдери алып салуу жөнүндө өтүнүч киргизди, анын айтымы боюнча корутундуну чыгарган эксперттердин ага укугу жок болчу.  Төрагалык кылуучу сот мындай өтүнүчтөр алдын ала угууда берилет экендигин айтты. Бирок ишке тиркеди жана бул өтүнүчкө иштин жыйынтыгында кеңешүү бөлмөсүндө көңүл буруларын айтты.

Андан кийин ИИМнен күбө катары чакырылган кызматкер суракка алынды. Ал тергөө учурдагы аныкталган фактылар боюнча суроолорго жооп берди.  Кубөлөрдү суракка алуу шарттарын бузбаш учун, судья байкоочудан көрсөтмөлөрүн  азырынча жашырып турууну сурады. Сот соттук териштирүүнүн жана бөгөт кою чаранын мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө суроону көтөрдү, тараптар узартууга каршы болгон жок. Мөөнөттөр эки айга узартылып, кийинки сот отурум 2021-жылдын 18-январына, саат 16:00го дайындалды.