Жактоочулар ишти экспертизага жонотууну суранышты

добавлен 26 ноября 2020 16:07
просмотров 971

 

 

2020-жылдын 25-ноябрь куну Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда блогер Э. Сыдамановту КР КЖК 313-беренеси боюнча козгологон кылмыш иши судья Эсенбаев Н. Б.  менен каралуусу улантылган. Бул иш жонундо биз мурда жазганбыз. Сот залына айыпталуучу, анын жактоочулары, мамлекеттик айыптоочу жана котормочу келген.  Судья: «Кандайдыр бир отунучтор барбы?»,- деп узаткан суроосуна жактоочулардан: «Ооба, отунуч бар»,- деген жооп алган. Жактоочулар ишти комплекстик лингвистикалык экспертизага жиберууну суранышкан.  Судья ишти кароо кыргызча отуп жатканынын,  ал эми отунуч орус тилинде берилгенин белгилеп, экспертке бериле турган суроолду  кыргызчага туура которууга убакыт керек эмеспи деп сурады. Жактоочулар убакыт керектигин айтышты. Кийинки соттук отурум 27-ноябрь саат 9:00 белгиленди.