Мен да «Экстремизимге, Терроризмге» каршымын! - деп 6 жыл адилеттик издеген жаран.

добавлен 19 ноября 2020 14:20
просмотров 928

 

 

2020-жылдын 18-ноябрында Жогорку соттун кылмыш иштери жана тартип бузуулар боюнча соттук коллегиясы  Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан келтирилген Б. Р. Жалгашевке карата Чуй облустук сотунун актоочу окум жокко чыгаруу жана Сокулук райондук соттунун айыптоочу өкүмдү күчүндө калтыруу жөнүндө кассациялык сунушун карады. Төрага кылуучу судья Эсенканов К.

Коллегия баардык тиешелүү жол-жоболорду аткаргандан кийин, тараптардан соттон эмне сурарын тактады.

Прокуратуранын өкүлү Б.Р. Жалгашевге карата Чуй облустук сотту Сокулук райондук соттунун айыптоо өкүмүн бузуп, иш боюнча чыгарган жаны актоо өкүмүн жокко чыгарууну жана биринчи  инстанция чыгарган өкүмдү күчүндө калтырууну суранды.

Жалгашев Б.Р. иш боюнча өз далилдерин келтирди. Анын үстүнөн козголгон кылмыш иштин башы, кылмыш иш козголгонго чейин эле мыйзамсыз башталганын.  2014-жылдын, 20-июнунда, Сокулук райондук сотунун судьясы Х.М. Мамадалиевтин, анын үйүнө тинтүү боюнча кабыл алган токтому чыгат. Бирок, судья Х.М.Мамадалиев чыгарган токтом анын атына чыгарылган эместигин, тескерисинче ал тааныбаган жана анын үйүндө өмүрү жашабаган адамдын атына чыгарылганын айтты. Тинтүүгө келген учурда соттун чечими башка адамга чыгарылгандыгын айтып, өздүгүн тастыктаган документтерди көргөзгөнүнө карабастан, бир бөлмөгө ага көргөзбөй 3 китеп, микро флешка, диск таштап коюшуп: «Сенин үйүндөн чыкты, биз менен бирге кетесин»-деп, колун кайрып, машинага салып, БШИИБ имаратына алып келишкендигин, жолдо баратып, аны коркутуп, акча талап кылышканын айтты. Эгер акча бербесем, КР УКМК тергөөчүлөрүнө өткөрүп берип, он жылдан кем эмес мөөнөткө соттотуп жиберүү менен коркутушкандыгын. Акча берүүдөн баш тартканда, БШИИБ имаратына алып келип, бир кабинетке киргизип, он чактыдай кызматкерлер болушуп, кыйкырып, согуп, уруп, кыйнап киришкендигин. Ошол учурда Ч.Керимкулов атту тергөөчу алдына актай барактарды таштап, колуна ручка берип: «Менин айтканымды айткандай кылып жазасың, эгер жазбасаң сага көргөзөм» -деп кыйкырып, коркутуп  баштаганын. Ансызда шок абалда турганында, башына тийген катуу соккудан кийин, эсин жоготуп, эч нерсени сезбей  калгандыгын. Андан кийин эмне болгону эсинде жок, жада калса үйгө кантип келгенин да билбей калганын айтты. Ушундай эле коркутуу, кыйноолорго 3 жолу  кабылганын билдирди. Анын үйүнөн табылган китептерде экстремистик маанидеги жазуулар бар экендигин аныктоо да компетентүү  орган аркылуу чыгарылбаганын да билдирди. Чуй облусунун Сокулук райондук соттунун судьясы Самудунов К.Б. бир да далилдерди текшербей, эсперт, күбөлөрдү сурабай туруп, айыптоо өкүмүн чыгарганын айтты. Ал эми Чуй облусунун жазык жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы жогоруда келтирилген далилдерди карап, өздөрүнүн өкүмүн мыйзам чегинде адилеттүү чыгарганын айтып, ага карата коюлган Кыргыз Республикасынын, Кылмыш-жаза кодексинин (1997-ж) 299-2 беренесинин 1-бөлүмү боюнча анын кыймыл аракетинде кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу акталсын - деп, чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырууну жана Чуй областтык прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору, мамлекеттик айыптоочу Н.Кенжетаеванын 2020-жылдын 18-сентябрында, №10-15-20 саны менен жазылган кассациялык сунушту негизсиз  - деп табуусун жана канаттандыруусуз калтырууну сурады.      

Коллегия тараптарды угуп, кенешүү бөлмөсүнө кетти. Кеңешүүдөн чыгып Чуй облустук соттунун актоо өкүмүн калтырууну, жана прокуратура берген кассациялык сунушту канааттандыруусуз калтыруусун жарыялады.