«Айдап келуу» болгон жок

добавлен 22 октября 2020 14:50
просмотров 1117

 

 

2020-жылдын 21-октябрында  Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда судья С. К. Жумадыловдун төрагалык кылуусунда М. Т. Айдаровго карата КР КЖКнын 315-б. 1-б. боюнча козголгон кылмыш иши каралууда. Бул иш жөнундө биз бир нече жолу жазганбыз.

Сот отуруму саат 16:00 го дайындалган, бирок 10 мунөткө кеч башталды. Отурумга мамлекеттик айыптоочу, айыпталуучу жана анын жактоочусу келишти. Күбө катары чакырылган опер кызматкерлери айдалып келинген жок. Судья С. К. Жумадылов соттук териштирүүнүн мөөнөтүн жана бөгөт коюу чарасынын мөөнөтүн узартуу жөнүндө суроону койду.  Катышуучулар каршы пикир келтиришкен жок. Судья кеңешме бөлмөсүнөн чыгып соттук териштитүүнүн жана бөгөт коюу чарасынын (башка жакка кетпөө жөнүндө кол кат) мөөнөтторун эки айга узарттылгандыгын жарыялады. Күбөлөр келбегентиктен сот отуруму 2020-жылдын 4-ноябрына саат 15:00 жылдырылды.