Судья четтетилди

добавлен 19 августа 2020 10:22
просмотров 1229

 

 

2020 - жылдын 17-августунун саат 16:00го Чүй облустук соттунда айыпталуучу М. Т. Айдаровтун аппеляциялык арызы кароого дайындалган. Жазык иштер жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы: торагалык кылган Джумагулов Азамат Кадырбековичтин, судьялар: Умуркулов Таалайбек Асанканович жана  Абдырашитов Тилек Арстанбековичтин курамында сот отурумун бир саат кечиктуруу менен ачышты. М. Т. Айдаров канцелярия аркылуу судьяны четтетүү боюнча отунуч келтирген болчу. Отунучто корсотулгон судья  Койлубаев Алмаз Абдракунович коллегиянын курамында жок болгон учун, торагалык кылган Джумагулов А. К. тактап суроо берди: "Кайсы судьяларды ишке катышуудан четтетууну сурайсыз?" Айдаров М. Т. коллегиянын курамын тактап, буга чейин чыгарылган аныктамаларды карап, судья Умуркулов Таалайбек Асанкановичти четтетүүнү суранды. Соттук коллегия катышуучулардын чыгып туруунусун суранып, залда кенешууго калды. Жыйынтыгында  судья Умуркулов Т. А. ишти кароодон четтетилди.

Соттор, соттук коллегия толугу менен тузулгондон кийин, ишти кароо куну белгиленерин билдирип, отурумду аякташты. Т. А. Умуркуловдун ишти кароодон четтетилгендигинин негизи  - анын сотко чейинки ондурушто тергоочунун иш-аракеттерин мыйзамсыз деп табуу боюнча даттанууну караган соттук коллегиянын курамына киргени болду.