Сот процесси судьянын ооруп калгандыгына байланыштуу кийинкиге калтырылды

добавлен 30 июня 2020 17:16
просмотров 1748

 

 

2020 - жылдын 24-июнуна саат 11.00го Чуй облусунун Сокулук райондук соттунда  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодесинин 315-беренеси менен айыпталып жаткан  М. Т. Айдаровтун иши боюнча сот отуруму белгиленген. Ишти кароочу судья  Масыбаев Тилек Төлөнбаевич.  Белгиленген  убакытка сот отурумуна катышуу үчүн айыпталуучу жана анын жактоочусу келген, бирок сот отуруму болгон жок. Себеби, судья 17-июндан баштап ооруп жаткандыгы тууралу судьянын катчысы билдирди. Айыпталуучу катчыга эмне себептен сот отуруму болбойт деп буга чейин билдирип койбогондугун, судья ооруп жаткан күндөн баштап сот отуруму белгиленген күнгө чейин бир жума өткөндүгүн айтып, кабатырланганын билдирди. Айыпталуучунун жактоочусу ишти сотко караштуулугу боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук соттуна өткөрүп берүү боюнча өтүнүч келтирди. Кийинки сот отуруму 2020- жылдын 8-июль, саат 9.30га белгиленди.