Социалдык интернет тармагында экстремисттик материалдарды, символикасын жана атрибутикасын жайылтуу - бул кылмыш

добавлен 06 ноября 2019 10:59
просмотров 962

 

 

     2019-жылдын 16-октябрында Ош шаардык сотунда торагалык кылуучу  Ж. Ж. Кудаяровдун торагалыгын астында 20 жаштагы  Б. О. Р. карата КР ЖК 315-беренеси менен козголгон кылмыш ишин карады.  Бул кылмыш иши тууралуу биздин сайтта  жазылган болуучу.

Мурунку сот отуруму пробациялык доклад даяр болбой калганына байланыштуу кийинкиге жылдырылган эле.

     Бул иш боюнча кыскача маалымат: Б.О.Р., 1999-жылдын 19-ноябрында Ош облусунун Араван районунда төрөлгөн, улуту өзбек, Кыргыз Республикасынын жараны, убактылуу эч жерде иштебейт, билими орто, үй-бүлөлүк абалы - бойдок, мурда соттолбогон. Кыргыз Республикасынын ЖКнин 315-бер. 1-бөлүмү менен сотко берилген.

     Тактап айтканда, 2019-жылдын 11-январь күнү жүргүзүлгөн иш чаранын негизинде, Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында “Атабек” деп аталган атуул интернет булактарда, “Одноклассник” социалдык тармагында (Sabran Ya Nafsi) профилин колдонуп жүрүп, экстремисттик жана террористтик мазмундагы аудио, видео тасмаларды жайылтуу максатында, сактап жүрөт деген билдирүү менен Ош шаардык И. ЭММК.  (Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы) ыкчам өкүлү милициянын капитаны Б.А. кайрылган. Топтолгон материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктуу реестрине катталып, андан ары сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.

     Диний жана лингивистикалык экспертиза адистин берген корутундусунда  көчүрүлүп алынган аудио жазуулардын маани-мазмунунда экстремисттик мүнөздөгү чакырыктар бар жана алар Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган кайсыл экстремисттик уюмга таандык экендигин аныктоо мүмкүн эмес экендиги аныкталган.

     Соттук-техникалык экспертиза дайындалып, адистин берген корутундусуна ылайык, Б.О.Р.тин “Одноклассники” социалдык тармагындагы колдонуп жүргөн “((Sabran Ya Nafsi))” аталышындагы профил 2017-жылдын, 4-августунда түзүлүп, профил ачык түрдө, аталган профилге жүктөлгөн аудио жазуулар “Одноклассники” социалдык тармагында катталган бардык колдонуучуларга жеткиликтүү экени аныкталган.

     Соттук териштирүүдө соттолуучу Б. О. Р. күнөөсүн мойнуна жарым-жартылай алып, сотко төмөндөгүлөрдү көрсөттү: «2019-жылдын 11-январь күнү милиция кызматкерлери үйүмө барышып, Ош шаардык И. милиция бөлүмүнө алып келишкен. Милиция бөлүмдө “Одноклассник” социалдык тармагында “(Sabran Ya Nafsi) профилин колдонуп жүргөндүктөн, ал почтамды милиция кызматкерлерине ачып бергенмин. Мен “Одноклассник” социалдык тармагында киргеним чын, себеби мындан төрт жыл мурда атам жоголуп кетип, “Одноклассник” социалдык тармагын ачып, атамды издегенмин. Ошондуктан “Одноклассник” социалдык тармагын ачканмын. Ал эми “Одноклассник” социалдык тармагында почтамдагы ырлардын маанисин түшүнбөймүн. Ал ырлар өзбекче болчу. Мен эч кандай диний уюмдардын мүчөсү эмесмин, аталган ырларды таратуу максатында колдонгон эмесмин» - деп экинчи кайталабаймын, деп соттон женил жаза чектөөнү суранды.

     Соттун отурумунда, мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчү менен тергөөдө суралган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү сот отурумунда окуп жарыяланды.

     Сот, айыпталуучу О. Р. Б. ге жазанын түрүн жана анын өлчөмүн белгилөөдө, күнөөсүн жарым-жартылай алганын, биринчи жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, жасаган кылмышына өкүнүп жаткандыгын женилдетүүчү жагдай катары эске алып, айыпталуучуга карата эркиндигинен ажыратпаган жаза чектеп, анын жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзсө түзөлүү жолуна түшүшү мүмкүн, деп ага карата пробациялык көзөмөл дайындоону туура деп табат.

     Соттун окуму боюнча:

Б.О.Р.  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 315-бер. 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, ал боюнча 3  жылга эркиндигинен ажыратылды.

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 83-ст. негизинде, айыпталуучу Б.О.Р.ге 1 жылга пробациялык көзөмөл дайындалды.

Соттолгон Б.О.Р. туруктуу жашаган жериндеги пробация органына каттоого туруп, мезгил-мезгили менен каттоодон өтүп туруусу, алардын уруксатысыз туруктуу жашаган жерин өзгөртпөөсү милдеттендирилди.

 

 

«Бул долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланган. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундуулар жана пикирлер, авторлордун оюн гана билдирет. АКШ мамлекеттик департаментинин коз карашына дал келбеши мүмкүн»