Адам тагдыры – олко тагдыры.

добавлен 15 апреля 2019 12:28
просмотров 2382

 

 

Бугүн биздин офиске бир  жигит келип, мен Атабаев Жолдош Рустамовичтин уулу болом деди. Үч төрт жылдан бери агайды таптакыр көрбөй калдым, телефон чалып турчу эле, кандай турат деп сурасам, уч жылдан бери абакта отурат, деп таң калдырды. Агайды мен 2011 жылдары мамлекеттик органдарына караштуу байкоочу кеңештерде ишмердүүлүк кылып жүргөндө таанышкам. Мен, энергетикада, анан салык кызматынын алдындагы байкоочу кеңештин мүчөсү болуп, а Жолдош агай социалдык фонддун алдындагы байкоочу кеңештин мүчөсү болгон. Кийин, социалдык фонд министрестволорго кирбейт деп, байкоочу кеңешин жоюп салышкан.

Ошол убакта, агай эсимде калганы, биз байкоочу кеңеш аралык кадр саясаты боюнча аянтча түзүп, мамлекетибизде кадр саясаты кантип ишке ашып жатканын изилдеп баштаганбыз. Агай болсо, өз тажрыйбасында, кайсы министрлик болбосун ваканция бар болсо документин тапшырып, мамлекеттик кадр кызматынын (МКК) тестирлөө борборунан эң мыкты балл алып, кийин ангемелешүүгө барганда өтпөй келе берчүү. Биз үчүн бул дагы көрсөткүч болчу. Агай болсо ошентип ар кайсы мамлекеттик органдарга эч таанышым жок өтүгө болот бекен, документтерди берип жүрөм, көрөлү, деп күлүп калчу.

Бир күнү, телефон чалып Ноокат районунун социалдык өнүгүү башкармалыгына ангемелешүүдөн өттүм, көрсө аракет кылса, берекет болот экен. Иштегени кетип жатам, деп телефон чалган.

Ошентип 2014 жылдын 24 ноябр күнү жумушка келип өз мамлекеттик кызматкер катары өз ишин баштайт. 2015 жылдын 20 майда Жолдош агайга кылмыш кодексинин 304, 313 беренелери менен кылмыш ишин козгошот. Ошол Ноокат районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын 10 кызматкери, начальнигине бизди мажбурлап акча талап кылып жатышат, деп арыз жазышат. Эгер чын эле акча талап кылса, мейли деп акчаны атайын боеко боеп взятка алуу аракетинде кармаса бир жөөн. Куруу доматты коюп, кийин сот териштирүүдө баарынын дооматы тастыкталбай, кызматкерге акча берип единица салдырганынын квитанциясы менен Жолдош агайды 11 жыл эркинен ажыратылсын жана үй мүлкү конфискациялансын деген сот өкүмү Ош шаардык соттон 8 жылга эркинен ажыратылсын деп, облустук инстанциядан 11 жылга санкциясы көтөрүлүп, Жогорку соттон облустук чечим өзгөртуусуз калтырылган. Ошентип, бир кызматкерине 2000 сомго мажбурлады деп, ушундай чечимди чыгарып берген соттор, азыр деле жүз деген тагдырларды талкалап иш кылып жүрүшөт.

Агай менен 3 жыл байкоочу кеңештердин ишин бир калыпка тургузган адам катары жакшы билип, эч тааныбаган коллективге барып, дароо эле акча доолаганына ишенбейм. Балким ошол жерде калыптанып калган коррупцияны бузам, деп чыкканда, башкармалыктын кызматкерлеринин кылган иши деп ойлойм, анткени ошол арыз жазган кызматкерлер, өздөрү элден акча талап кылышып соттолушуп, мөөнөт өткөндүгүнө байланыштуу иши кыскартылган, экен. Ошондо маселе соттордо болуп жатат. Эки тарапты калыс угуп, далилдеринин салмактуулугун карап, жасаган ишинин оорлугун карап чечим чыгарышса, бул соттук чечимдер тарыхта калып, башка мамлекеттик кызматкерлер миллион деген каражатты өлкөсүнөн уурдап турганын далилденсе дагы, жасалган кылмыштын мөөнөтүү 3 же 7 жыл өтүп кетиптир, деп кылмыш жоопкерчилигинен бошотулсун, деген чечимдердин жанында, оркоюп эле кошстандарттуулук көрүнүп турат.

Адилеттүүлүк сот имаратында табылбаса, аны кайдан издейбиз, ким издегени маанилүү эмес, жөнөкөй жаранбы, же мамлекеттик бир мекеменин жетекчисиби, баарыбыз Кыргызстандын атуулубуз. Ар бир сот тарабынан чыккан чечим, бул башкаларга үлгү. Ошондон жыйынтык чыгарышат. Ишенген сотубуз Жогорку сот, иш ал жерге барганда ар тараптуу каралып адилеттүүлүк орундалышы керек деп күтөбүз.

P.S. Кош стандарттулук биздин түбүбүзгө жетеби?