Адилеттуулук чыркырап турганда, адам тагдыры эске алынабы???

добавлен 10 октября 2018 14:57
просмотров 2508

 

 

Кечээ 2018 жылдын 8 октябрында Жогорку сотто адам өлтүрүү беренеси боюнча соттук териштирүү өттүү. Жогорку сотто: Темирбеков Лепес, Акматов Болотбек жана Сыдыков Аскат  соттук курамында ушул ишти карап чыгып, облустук соттун чечимин күчүндө калтырып коюшту. Бул окумге нааразы тарап бизге келип, оз нааразычыоыгын билдиришти.

Иштин маңызы: 2017 жылдын 23 мартында саат 11де Ражапова Наргизанын дүкөнүнө КРнын ИИМнин БМЖКККнын кызматкерлери келип аны сурака алып кетишкен. Көрсө Наргизанын дүкөнүнун маңдайында Кыргыз Республикасынын Бангизатка каршы күрөшү мекемеси жайгашкан экен. Ошол кызматтын Уларов Таирбек аттуу подполковниги 21 марттан бери дайынсыз жоголуптур.

ИИМ бул подполковниктин өлүмүн тиричилик маселеси менен өлтүрүлгөн деген эң  ыңгайлуу болгондуктан, маңдайдагы дүкөндөгү Наргизанын жолдошу кызганычтын негизинде өлтүрдү дегенге барышкан.

Айта турган нерсе Уларов Таирбектин бою 195 см, салмагы 120 кг, өзү спецназда иштеген, кара поястын ээси болгон. Наргизанын жолдошу Шабыралиев Дамир бою 180 см, салмагы 65 кг, инвалид болгон (аса таяктын жардамы менен басчу).

Соттук териштирүүдөгү мүчүлүштүктөр жана суроолор:

  1. Эмнеге Уларов 21 мартта жоголсо милисага арыз ошол боюнча түшкөн эмес?
  2. Уларовдун жубайы 21 март күнү жолдошум ичип келип жатып 22 март күну жоголду деп көрсөтмө берген экен, эмнеге тергөөдө өлгөн күндү 21 март деп белгилешкен?
  3. Кылмыштын куралы – аса таяк экен, эмне себептен ал маанилүү вещдок чала печатталган, кан табылган кармагычы ачык бойдон калган?
  4. Аса таяктын кармагычынан табылган канды, Оштун судмедэксперти – Марифпаева, Уларовдун каны деп, так аныктап бериптир. Ошол эле учурда Борбордогу судмедэкспертиза борборунан эч качан кан кимдики экенин айтууга болбойт, деп аныктама беришти. Ошондо Оштун судмедэксперти, башкалар жасай албаган экспертизаны кантип кимдин каны экенин аныктады?
  5. Адам өлүгө алып келген аса таяк аллюминий болгон, салмагы 400 гр., бирок бир жеринен дагы мыйрыйган эмес экен, ошондо атайын дайардык көргөн ИИМдин кызматкеринин денесиндеги көгалалар, кулагы жырылганы каяктан пайда болгон, жана инвалид жигит мушташканда бир дагы жери көгала болбой калганы таңгалыштуу.
  6. Уларовдун унаасынан табылган бармак издери кимдики экенин аныкталган эмес, Шабыралиевдин бармак ииздери эч жерден табылбаганы дагы кызыкдырат.
  7. Уларовдун денесин 23 март күнү табышканда, эксперттер анын 20-22 саат мурун каза болгондугун айткан, бирок тергөөчүү Шабыралиевден мен аны 21 март күнү өлтүргөм деген өздүк көрсөтмөсүн алган.
  8. Уларовдун унаасындан табылган акча каражаттарды жана ак түстөгү затка эч бир укуктук баа берилген жок.
  9. 21 март күнү Шабыралиевдер туугандары менен сүмөлөк бышырган көрсөтмөлөрүн сот көңүлүнө алган жок.
  10. Шабыралиевке Раджапова Наргизанын иниси дагы жардам берген деп аны 12 жылга кесип жиберишти, бирок 23 мартта сурака алынып, эки күн кармалып, уруу тепкиге алынып, Шабыралиев оз жубайын кан талап турганын көруп, уулун сабалганын көрүп, кайнисинин сабалганын көрүп, баарын мен мойнума алам деген сөздон кийин Ражапова Наргизаны, Муратты жана Бакытбек уулу Элдиярды бошотушкан. Бирок 10 күнден  кийин, Шабыралиев инвалид болуп аса таяксыз басалбаганын көрүп, бул кылмышты жалгыз жасаганга окшошпой калганын көрүп Ражапов Муратты кайра камашат.

        Ражаповдор УКМКга кайрылышат, Ражапова Наргизаны кармаган У. Керимкулов аттуу тергөөчүнү тапкыла, деп. Анткени Ражапова Наргиза милиса тарабынан уруу-тепкиге алынгандан кийин эгиз балдары боюнан түшүп калган. УКМК ал милисанын кызматкери кайда экенин табуу мүмкүн болбой жатат деп жооп узатышкан. Андан сырткары Ражаповдор Н.Мендиеваны (Т. Уларовдун жубайы) берген көрсөтмөлөрү боюнча сурака алгыла деп өтүнүшкөн, бирок УКМК Н.Мендиеваны таппай койдук деп жооп узатышкан. Н. Мендиева соттук отурумдарга ачык катышып жүрөт, эмнеге аны УКМК кызматы таппай койгону таңгалыштуу. УКМКнын жообу бул жерде.

Сот териштирүүсү:

20.03.2018 жылы Ош шаардык сотунда судьясы Ж. Батырбеков бул ишти карап Шабыралиевке 23 жыл – адам өлтүрү беренеси боюнча, Ражаповко 7 жыл – жаап жашыруу беренеси боюнча соттойт. Окум бул жерде.

07.06.2018 жылы Ош облустук соттунда А.Шамшиев, А.Абдылдаев, Ш.Жусупбаев курамында бул ишти карап Ош шаардык соттун окумун жокко чыгарып жаңы окум кабыл алган. Окумго ылайык Шабыралиев өмүр бою эркинен ажыратылып, Ражапов 12 жылга кесилген.

08.10.2018 жылы КР Жогорку сотунда Темирбеков Лепес, Акматов Болотбек жана Сыдыков Аскат курамында бул иш көзөмөл ирээтинде каралып Ош областык окумун күчүндө калды.

 

P.S. Ушундай адам өлтүрү фактысы, жөн адам эмес подполковник болсо, аны жөнеле кызганычтын негизинде болгон өлтүрү кылууну, биздин кана милиса, прокурорлор жана сот мыйзамдаштыра алышат. Адам тагдыры, укуктулууктун келечеги, улут келечеги мындай органдардын колунда болсо, анда келечек күмөн. Бирок айтып кетчү нерсе бар, ааламда бир дагы кыпындай нерсе жөн кетпейт: тергөөчүлөр, өлтүрүчүлөр, ишти жаап жашыргандар, көздөрүн жумуп мыйзамдуулукту чала көзөмөлдөгөндөр жана тагдырды чечип соттук окум чыгарган соттор – ЭЧ НЕРСЕ ЖӨН КЕТПЕЙТ, сиздерге болбосо дагы балдарыңарга сөзсүз кусуру тиерин унутпагыла!!!