Чындык издеген карыя

добавлен 09 октября 2018 15:32
просмотров 1794

 

 

Биздин коомдук кабылдамага Аматов Осек атту карыя кайрылды. Аксакал 92 жашына карабай Бишкеке чындык издеп Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл Жар айыл аймагынан келиптир.

Иштин маңызы: 2017 жылдын 4 апрелинде Аксакалдын 51 жаштагы Турсунбек Аматов аттуу уулу айылдаштары менен (арасында 3 классташ) Бишкектен келген досторун узатышып (куран окуткан аземден кийин) отуруп, өтүп кеткен кишини эскерип ичимдик ичишет. Кечки саат 17.00де баары үйлөрүнө тарап кетишет. Турсунбек Аматов Эрмекбаев Сүйүнбек менен бир уунага түшүп кетишет, калган бешөө башка унаага түшүшөт. Ошол күндүн эртеси, ошол компанияда чогу болгон Супатаев Бактыбек аттуу теңтушу өз үйүндө приступ кармап жаткан жагынан кошунасы көрүп, тез жардам  чакырып, ооруканага жеткирилет. Ошондон кийин, ал кишинин сол өөрөнү кыймылдабай калат.

Аматов Турсунбек өзү экинчи топтогу майып болгондуктан аса таяк менен кана баса алат. Баягы ичимдикти ичип олтурган жерге аса таягын (анысы дагы, эскиргенинен регулировка жасаган жагынан чыгып кетчүү-эскирген таяк экен) жармы жок бойдон калып калат. Ошондон улам Бактыбек Супатаевди Аматов  таягы менен сабап, жанагы абалга келди деп күнөлөп келишет экен.

Териштирүүнүн ирэти:

08.04.2017 жылы Кара Кулжа РИИБнун тергөөчүсү токтомунун негизинде соттук медициналык экспертиза дайындалат. Соттук- медициналык эксперт А.К. Зиядинов  корутусунда жабырлануучунун жубайынын сөзүнөн, 5 апрель күнү саат 16.00 жолдошун бирөө сабап жатат деп чакырып, ошол жерден ал эс учун жоготуп ооруканага алып келгенин жазган. Врачтардын көргөзмөсү “Денесин кароодон кийин тизесиндеги “ссадинасын жана канталасын” аныктап, көзгө көрүнүктүү канталасы, ачык жаралары денесинде, башында жана бетинде ЖОК, дегенине карабай, чыгарып берген корутундусунда, он моюн чөйрөсүндө сыйрылган жараты, он көкүрөк клеткасынын тарабында терисинин көгаласы, он тизе чөйрөсүнүндөгү терисинин көгаласы жана он шыйрактын алдыңкы тарабынын терисинин көгаласы катуу нерсенин таасиринен (муштум, бут кийим, таяк жана башка нерседен алынышы мүмкүн). Окуя баянында көрсөтүлгөн мөөнөткө жана жагдайга дал келиши мүмкүн. Дене жаракаты ООР жаракатка кирет деп корутунду чыгарып берет. Корутундусу бул жерде.

17.05.2017 жылы комиссиялык соттук- медициналык экспертиза дайындалат. Эксперттердин курамында экөө 30 жылдан ашык стажы менен, бирөөнун иш стажы 45 жыл болгон эксперттер чыгарат (Мамадыев Б. М.,  Токтомаметов С. Т., Орозалев А. Б.) Экпертизанын кортундусунда жабырлануучунун  дене жаракаттары он тизесинин, он бетинин жумшак этинин эзилиши, кокурогунун, он каржилик чойросунун жана мурун жонунун сыйрылган жаракаттары, баш мээсинин жабык турдо оор даражада жабыркап, баш мээсинин оор даражада эзилип, шишигени,  баш мээнин катуу кабыкчасынын астына кан уюп,  баш мээни кысып калуусу жана 4 даражадагы мээ комасы менен муноздолот. Баш мээсинин жабык турдо оор даражада жабыркап, баш мээсинин оор даражада эзилип, шишигени,  баш мээнин катуу кабыкчасынын астына кан уюп,  баш мээни кысып калуусу жана 4 даражадагы мээ комасы оордук даражасы боюнча жабырдлануучунун ден-соолунуна жана омуруно коркунуч келтирген белгиси боюнча ООР  дене жаракаты катары эсептелет. Жогорудагы жаракаттар жабырлануучу озу жыгылып жердин катуу катмарына башы менен урунганда дагы пайда болуусу мумкун деп айтылат. Корутундусу бул жерде.

26.05.2017 жылы Кара-Кулжа РИИБнун тергөөчүсү токтомунун негизинде соттук медициналык экспертиза дайындалат. 35 жылдан ашык стажы бар эксперт Марифбаев М. А.  Буюмдай далил катары эсептелген 3 кан, пиджак жана куртканы экспертизадан откоруп томонкудой кортунду чыгарат. Изилденген пиджакта кишинин каны табылган. Табылган натыйжалар  жабырланнучу Супатаев Бактыбеке таандык экенин жокко чыгарбайт. Бирок  кан Акматов жана Курмантаевдан болгондугу да мумкун экени кортундуда белгиленет. Корутундусу бул жерде.

01.07.2017 жылы Кара-Кулжа РИИБнун тергөөчүсү токтомунун негизинде соттук медициналык экспертиза дайындалат. 35 жылдан ашык стажы бар эксперт Марифбаев М. А.  Буюмдай далил катары эсептелген таяк экспертизадан откоргон. Экспертизанын кортундусунда таякты изилдегенде гемохромоген жана гематопорфин  табылган эмес деген жыйынтык чыгарган.  Корутундусу бул жерде.

14.06.2017 жылы КР  ИИМ башкы тергоо башкармасынын тергоочусунун токтомунун негизинде  медик-криминалистик  изилдоодон Аматов Турсунбектин балтагынын жогору жана томон томон жагы откорулгон.  Соттук-медициналык эксперт Исаков С. И. мындай  кортунду берген: “Учитывая показания подозреваемого Аматова Т. О. И показания свидетеля Курманотаева Б. Ш., подтверждаюший слова подозреваемого, а также суд. мед. Эксперта Узгенского района Зиядинова А. К.  Нанесение телесных  повреждений (вышеуказанных) пострадавшему  Супатаеву Бактыбеку, зафиксировнные в стационаре предоставленными вещественными доказательствами, верхней и нижней части трости, из-за сильного износа маловероятно”.  Корутундусу бул жерде.

27.11.2017 жылы КР  ИИМ башкы тергоо башкармасынын тергоочусунун токтомунун негизинде    комиссиялык соттук-медициналык экспертиза откорулгон. Кортунудунун жыйынтыгында мындай жазылган: не исключается возможность получения повреждений в виде тяжелой закрытой черепно-мозговой травмы с субдуральной гематомой лобно-височно-теменно-затылочной долей справа, ушибами головного  мозга той же локализации с вовлечением мозолистого тела и аналогичных участков левой лобной доли, ссадинами спинки носа, шеи справа, правой нижней конечности, отеком правой скуловой области, кровоподтеки праовй половины грудной клетки, праовй нижней конечности при падении с высоты собственного роста и ударом о тупое покрытие правой половиной головы, груди и нижней конечности. Корутундусу бул жерде.

04.01.2018 жылы КР ИИМ Торгоо кызматынын ОМИди тергоо болумунун торгоочусу, милициянын полковниги Б. Т. Токоевдин 2017-жылдын 13-декабрь куну чыгырылган кошумча соттук-медициналык экспертиза дайындоо жонундогу токтомдун негизинде кошумча комиссиялык экспертиза откон.  Мындай кортунду чыккан:жабырлачуунун он тизесинин, он бетинин жумшак этинин эзилиши,  кокурогунун, он каржилик, он моюн чойросунун жана мурун жонунун  сыйрылган жаракартары оордук даражасы  боюнча ден-соолуктун  бузулушу менен буд жаракаттардын туздон-туз байланышкан убакыттын узактыгы 7 кундон ашпайт. Ал эми баш мээсинин жабык турдо оор даражада  жабыркап, баш мээсинин оор даражада эзилип, шишигени, бан мээнин катуу кабыкчасынын астына кан уюп баш мээни кысып калуусу  жана 4 даражадагы мээ комасы оордук даражасы боюнча жабырлануучунун ден-соолугуна жана омуруно  коркунуч келтирген белгиси бонча оор дене жаракаты катары эсептелет. Корутундусу бул жерде.

18.07.2018 жылы Ош шаардык сотунун судьясы Кудаяров Ж.Ж. бул кылмыш ишин карап “Аматов Турсунбне КР Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 2 ю 5 п. бонча кунолуу деп тыбылып, ал боюнча 8 жылга эркиндигинен ажыратылсын.  Кыргыз Республикасынын  Кылмыш-жаза кодексинин 60-беренесинин негизинде  соттолуучу  Т.Аматовго  окумдор боюнча белгиленген жазалар толугу менен кошулуп, биротоло 8 жылга эркиндигинен ажыратылсын жана эсептик корсоткучтун 4200 айыпка кириптир кылынсын. Доо арыз канаттандырылсын. Соттолуучу Т. Аматовдон жабырлачуунун мыйзамдуу окулунун пайдасына 1 183 911 сом материалдык зыян, 2 000 000 сом моралдык зыян ондурулсун” деген окум  чыгарган. 

Бул окум менен макул болбой соттолуучунун жакточусу Ош облустук сотуна апелляциялык даттануу менен кайрылган.  Экинчи соттук инстанция мыйзамдуу окум чыгарышын кутот.

Мындан сырткары О. Аматов аксакал томондогулорду билдирди(орфографиясы сакталган): “Тергоо мезгилинде менин уулум Т.Аматовдун кылмышка тийешеси жоктугу аныкталып, бирок Ош ОИИБнын тергоочусу З. Ырысмаматов куболор Айдаров Мухамбет менен Жунусова Батинаны жалган корсотмо беругоо мажбурлап сурак протоколуна кол койдуруп, уулумду камака алып коюшкан. М. Айдаров менен Б. Жунусова алардын корсотмосу бурмалангандыгы жонундо тергоочуго айтып, тактоону талап кылганда тергоочу аны тактабай туруп кылмыш ишти соттун кароосуна жонотуп жиберген.  М. Айдаров жана Б. Жунусованын арызы КР ИИМнин ИИКнын ыкчам изилдоо башкармасы тарабынан текшерилип, андагы факт аныкталгандыгы жана тергоочу З. Ырысмаматовко чара коруу жонундогу материалды 24.04.2018-жылы Ош облусунун прокурору А.Турганбаевке жоноткон. Андан ушул мезгилге чейин жыйынтык жок. М.Айдаров менен Б.Жунусова корсотмону бурмалаган тергоочу  З. Ырысмаматовко чара коруу учун жогорку турган укук коргоо органдарына арыз жазышкан. Бардык жазылган арыздар топтолуп кайра эле тергоочу З. Ырысмаматовдун колуна тийип, азыркы убакта чечилбей турат. Эн окунучтусу менин жогорку турган укук коргоо органдарына жазган арызымда бул тергоо органына ишеним корсотпогондугумду билдирип, арызды калыс органга текшертууну сурангамын. Бирок менин арызыма конул болунгон эмес. Куболор сотто да тергоочу тарабынан жалган корсотмону жаздырганын далилдешкен. Азыр бул факт толугу менен далилденип турат. Бизде качан акыйкаттык орнойт, качан сот акыйкаттыгы болот?  Качан укук кргоо органдары адам укугу, адамдын тагдыры менен ойногонун токтотот? Качан Президенттин койгон талабы аткарылат? Мен КР Башкы прокуроруна чейин тероочу З. Ырысмаматовдун, облустук тергоо органынын устунон арызданганмын, бирок менин арызым алардын колуна кайра тийип, шылдындап жатышат. З. Ырысмаматовко карата Ош облустук прокуратурасынын болумунун башчысы Б. Маатов кылмыш иш козгоодон баш тарткан. Менин арызымдын негизинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Б. Маатовдун токтому бузулуп, 27.09.2018-жылы (№ 8/1-251-18) аны кайра текшеруу  учун мен даттанган, туура эмес чечим кабыл алган Ош облустук прокуратурасына жоноткон. Алар азыр эч кандай текшеруу жургузбой, жыйынтык чыгара албай жатат. Жыйынтык чыгара албайт жана обьективдуу текшеруу жургузулбойт, себеби алар озулорунун мыйзамсыз жасаган иштерин коргойт. Ал эми Кыргыз Республикасынын Башкы козомол органы аларды коргоп, алардын жоопкерчиликтен качышына шарт тузуп, мен даттанган органга арызды текшеруу  учун озулоруно жиберип жатат».