Куболор келбегендиктен соттук процесс кайрадан жылдырылды

добавлен 15 августа 2018 14:13
просмотров 1137

 

 

2018-жылы 14-августь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы М. Термечиков, соттолуучу: мурунку айыл-чарба министри Ч. Узакбаевдын "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин кароо улантылды. Биз бул тууралуу жазганбыз. 
 
Сот отуруму бир саатка кечиктирилип башталды. Кечиктирилгендин себебин түшүндүрүп,  судья М. Термечиков  сот отурумунун катышуучуларынан кечирим сурады жана иштик  материалдарды изилдөөнү улантты. Ошондой эле, эки кошумча күбөсү командировкага кетип калганын, кийинки соттук отурумга алып келерин  соттолуучу Ч. Узакбаев ырастап өттү. 
 
 Биринчи май райондук сотунун судьясы М. Термечиков  соттук териштирүү ишин  4-сентябрь күнү саат 11:00го жылдырды.