Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда каралган кылмыш ишине мониторинг жургузуу улантулууда

добавлен 20 июля 2018 17:18
просмотров 1378

 

 

2018-жыл 18-июль күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Р. Саткынбаев соттолуучу М. Ашкеевдин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси боюнча кылмыш ишин кароо улантылды. Биз бул  иш жөнүндө жазганбыз.

Жабырланычуунун жакточусу, соттолуучу Максат Ашкеев өзүн адекваттуу эмес алып жүрөөрүн айтып,  соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүсү боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Р. Саткынбаевге өтүнүч билдирди. Ал эми, соттолуучунун жактоочусу,  эч кандай психиатриялык оорусу болбогонун, жабырлануучунун адвокатынын өтүнүчүнө каршы экендигин айтып, милициянын кызматкерлери дайыма эле медициналык комиссиядан өтүп тураарын кошумчалады. Ал эми соттолуучу, эмне себептен өтүшүн түшүнбөй, муну шылдыңдоо  катары баалап, кийин жактоочумду колдойм деп сөзүн бүтүрдү. Мамлекетти кайыптоочу жабырлануучунун жактоочусунун өтүнүчүнө каршы эместигин билдирди. Бишкек шаарынын судьясы Р. Саткынбаев соттордун чогулушу болуп жаткандыгына байланыштуу, соттук териштирууну 19-июль, саат 16:00 жылдырды.