Коррупцияга каршы курошуу кызматынын кызматкерлерин айыптоо боюнча кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда каралып жатат

добавлен 05 июля 2018 15:00
просмотров 1913

 

 

2018-жылдын  4-июль куну  Бишкек шаардык сотунда судья А. Ж. Момуналиевдин  төрагалыгында,  судьялар: К. С. Эсекеев менен Н. К. Чериков курамында турган соттук коллегия, айыпталуучулар: З. О. Суваналиев, А. А. Мусаев, Ч. Алманбаевдын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин "Мамлекеттик контролдоо органынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү" жана "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин кароо улантылды. Биз бул иш жонундо жазганбыз.  Алгач суракты айыпталуучулардын жактоочуларынан баштады. Кийин жабырлануучунун жактоочулары жана  айыптоочу суроо берип баштады. З. Суваналиевге жабырлануучунун жактоочусу  суроо берди:  "Замирбек айтсаңыз, арыздануучу Епифоновдун өзүн көргөнсүзбү? ( тактап айтканда, В. И. Епифанов, УКМК А. Гапаровго кылмыш ишин козгоого себепчи болгон адам, анткени ал киши аркылуу  А. Гапаровду "Коррупция" беренеси боюнча УКМКнын атайын кызматкерлери кармап, текшерүү жүргүзүп жаткан учурда, А. Гапаров өзүн жаман сезип,  жыйынтыгында каза болгон)", айыпталуучу Суваналиев "көргөм",-деп айтты…

Ошондой эле, ишти тергөө операциясы боюнча  ким жетекчи болгон деген суроого, "мен",-деп З. Суваналиев жооп кайтарды. Жабырлануучунун жактоочусу, "тактоо иретинде 25-февраль  күнү сиз тыңшоону соттон уруксат алдым деп жатасыз, саат канчада алдыныз?" "Болжолдуу айтсам, саат 8:30 10  чейин алдым.",- деди, айыпталуучу З. Суваналиев. "Материалдарды саат канчада регистрация кылдыныз?" деген суроого, "Так убакытты деле билбейм",-деп жооп берди. Анда, жабырлануучунун жактоочусу: "25-февраль күнү саат 16:15 катталып жатат." Айыпталуучу:"Секретарьга суроо бериш керек эмнеге каттаган",-деди.

Жабырлануучунун жакындары: «Бөлмөсүндөгү салафан, кап (мешок) кайдан пайда болгон, дубалдары эмне себептен кулаган ?» деген суроолоруна, "Билбейм",-деп гана жооп  берди айыпталуучу.

Ошентип эки тараптын жактоочулары, үчөөну тен суракка алышты. Айыпталуучулар баардыгы мыйзам чегинде болгонун айтышса, жабырлануучунун жактоочулары кармап жатканда мыйзам бузуулар болгон, ошол жерде эмгектенген адамдарды коркутуп, силер дагы ушундай болуп камаласынар деген экенсинер, жүрөгү ооруйт абайлагыла деп айткандарга көнүл бурган эмессинер, эмне үчүн мындай мамиле жасагансынар дегенге, алар  баардыгын төгүнгө чыгарып, эч кандай мыйзам бузуу болгон эместигин айыпталуучулар айтып жатышты.

Соттук териштирүү иши бир жарым саат убакытка созулуп, жыйынтыкталды. Кийинки соттук отурум, 6-июль куну саат 14:30га жылдырылды, анда күбөлөр көрсөтмө беришет.