Демилгенин азабы же ....

добавлен 24 мая 2018 11:17
просмотров 1874

 

 

  Айыл  өкмөттөгү эң маанилүү маселелердин бири –бул салык чогултуу, жергиликтүү бюджетке көбүрөөк киреше табуу экенин көпчүлүк жакшы билет. Албетте, салык чогултуунун  өзүнүн бир сандык  көлөмү  же салык базасы болот, андан көп деле ашырып  чогулта албайсың. Башкысы чогулган каражатыңа жараша  жергиликтүү маанидеги иштерди жасаганга мүмкүнчүлүгүн болот.  Ошондуктан жергиликтүү бийликтин  аткаруу органы болгон  айыл өкмөттүн башчылары бул ишке олуттуу көңүл бөлүшөт , андыктан бюджетке каражат табуу аракети   алардын  негизги ишине кирет.

        Азыр ушул багытта аракетин жасап, бирок  ал үчүн жоопкерчиликке тартылган бир айыл өкмөт башчысы тууралуу сөз кылалы. Көптөгөн айылдын тургундары сыяктуу  бул айылда дагы  ар кандай себептерден өздөрүнүн үлүшкө алган жерлерин иштетпей таштап коюп жаткандар бар.  Андай айдалбай, себилбей  кароосуз калган  жерлер   айылдарда  көп эле кездешет.  Жерин иштетүү же иштетпей коюу ал жердин ээсинин өз эрки, себеби ал үлүш жер анын жеке менчиги. 

         Айыл өкмөттүн башчысы мына ушундай бош калган  үлүш жерлерге иликтөө жүргүзүп,  пайдаланбай  турган  жерлерди  аныктап, тактагандан кийин,  ал үлүштүн   ээлерин табууга мүмкүн болбогондуктан ,  жер аянттарын ижарага убактылуу берип пайдалануу демилгеси менен  айыл кеңешке кайрылат. Айылдык кеңеш айыл өкмөттүн бул демилгесин колдоп, убактылуу ижарага берүү боюнча токтомун чыгарат. Андан ары ал жерлерди убактылуу ижарага берип , жерди пайдалануучу менен келишим түзүлүп, анын негизинде жергиликтүү бюджетке планда каралбаган каражат түшүп баштайт.

        Мындай караганда мыйзамдуу иш-аракеттер жасалып, бюджеттин киреше булагынын  өсүп жатканы мактоого арзырлык болуп жатпайбы.

        Айыл өкмөттүн башчысына  ушул  демилгелүү иши   үчүн   жоопко тартылып калары үч ойлосо да түшүнө кирген  эмес болуш керек.

      Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөчү орган  прокуратура текшерип келип, бул иштерден мыйзам бузгандык таап, айыл өкмөт башчысына кылмыш ишин козгойт.  Прокуратура айыл кеңештен бош калган жарандардын  үлүш жерлерин пайдалануу боюнча чыгарган токтомун кайра кароо боюнча эскертүү берет,  же айыл өкмөттүн ижарага берүүсүнөн  мыйзам бузгандыкты көрүшөт.  Айыл кеңеш прокуратуранын эскертүүсүн сессияда карап, мурунку токтомун  өзгөртүүсүз калтырылганын билдирет.

      Андан ары прокуратура айыл өкмөт башчысы мыйзамды бузгандыгы тууралуу  доо арыз менен райондук сотко кайрылат.  Сот бул доо арызды кароосуз калтыруу боюнча  аныктама чыгарат.

         Ооба, урматтуу окурман  ушуну менен иш  бүттү деп ойлошуңуз мүмкүн. Жок, прокуратура тарабынан  кайра жаңы “ пландуу текшерүү” деген ат менен  айыл өкмөттүн бардык тармактагы иш-аракеттерин комплекстүү текшерүүгө алат. Анын жыйынтыгы боюнча айыл өкмөт башчысына административдик иш ачылып 10 миң сом өлчөмүндө айып салынат. Ал аз болгонсуп, мурунку эле жер маселеси боюнча  айыл өкмөт башчысына жаңы кылмыш иши козголот. Прокуратуранын  өзүнүн  тергөө жүргүзүү укугу болбогонунан, бул ишти райондук ички иштер органына тергөөгө берет. Ишти   жүргүзгөн тергөөчү тарабынан токтом чыгып, анын натыйжасында райондун акиминен    айыл өкмөт башчысын убактылуу кызмат ордунан четтетүү чарасы суралат.  Арадан бир күн өткөрбөй  аким айыл өкмөт башчысын убактылуу кызматтан четтетүү буйругун чыгарып жиберет.  Айыл өкмөттүн жер адиси болсо  2 айлык мөөнөткө камакка алынат.

        Мына караңыз, айылда жазгы жумуштар күчөп турган учурда жергиликтүү бийликтин башчысы менен башкы адиси ал иштерди жүргүзбөй  сыртта калып калганын!

           Бул окуянын өрчүп-өнүгүшүнөн  өчөшүү деген байкалып тургандай көрүнөт.  Же болбосо  атайын буйрутма аткарылып жаткандай сезилет.  Айыл өкмөттүн башчысынын  башка кетирген каталыктары мүмкүн бардыр, бирок бул жерде алар жөнүндө  маалыматтар жокко эсе.

           Бул иштин чоо-жайы кандай жагдайда өнүгөт, ага да кайра кайрылып, көз салып турабыз. Биз бул макалада  атайын айыл өкмөттүн, райондун жана айыл өкмөт башчынын атын айтып көргөзгөн жокпуз.

          Кийинки макалада бул окуя боюнча болгон мыйзам бузууларга өзүнчө токтолобуз.