Кайран гана убакыт, каражат жана ден-соолук!!!

добавлен 23 марта 2012 19:02
просмотров 768

 

 

 

Январь айында Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңешке Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Бердикеева Айнура кайрылган. Ал Жумгал районунун билим беруу бөлүмүнүн жетектөөчүү адиси болуп иштеген. Ошол эле райондун билим беруу бөлүмүнүн башчысы Кадыралиев Кубанычбектин мыйзамсыз жумуштан бошоткондугу үчүн  12-май 2010-жылы доо арыз менен Жумгал райондук сотуна кайрылган. Жумгал райондук сотунун судьясы Омурзаков Ж.  13-июль 2010-жылы А.Бердикееванын доо арызын канаттандырып, кызмат ордуна кайра орношуу  жана аргасыз  бош жүргөн күндөрүнүн эмгек акысы төлөнүп берилсин деген чечимди кабыл алган. Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кадыралиев К. чечимге макул болбой Нарын облустук сотко апелляция ирээтинде даттануу менен кайрылган. Нарын облустук соту Жумгал райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Кадыралиев К. Нарын облустук сотунун чечимине  макул болбостон Жогорку сотко көзөмөл ирээтинде даттануу менен кайрылган. Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында төрагалык кылган Ажибраимова А., судьялар Бекбоева Д., Кульматова Д., эки соттук инстанциялардын чечимдерин жокко чыгарып, иш боюнча жаны чечим кабыл алган. Алар өз токтому менен Бердикеева Айнуранын доо арызын канааттандыруусуз калтырып Кыдыралиевдин көзөмөл тартибинде келтирген даттануу арызы  канааттандырылган.

P.S. Эгер Жогорку сот жаңы чечим кабыл алганга мыйзамдуу жолу бар болсо, анда биринчи жана экинчи сот инстанцияларынын судьяларынын баркы жана жоопкерчилиги качан көтөрүлөт???

Система Orphus