Баткен райондук сотунда кызматтык кылмаштар каралууда 16.03.2018

добавлен 19 марта 2018 16:41
просмотров 1403

 

 

             2018-жылдын 16-март  куну Баткен райондук сотунуна байкоо жургузулду. Кыргыз Республикасынын   КЖК  304-берене жана 305-беренеси менен айыпталуучу Баткен райондук администрациясынын мурдагы бухгалтери Н. Т. карата кылмыш ишин кароо улантылды. Бул соттук отурум каралуучу иштердин тизмесине белгиленген эмес. Эмне учун тизмеде  корсотулбогонун сураганда, катчы жетишпей жатканын айтты. 
Мурдагы сот отурумунда, тактап айтканда 12- мартта соттолуучу кан басымы которулуп ооруп, анын жактоочусу справка алып келгендиктен,  ишти кароо 16- мартка калтырылган. Бул иш жонундо биз мурда жазганбыз.
           Судья Р. Оморовдун кароосунда саат 10:00  белгиленген сот отуруму оз убагында башталды. Соттук териштируу журуп, мамлекеттик айыптоочу менен жактоочу соттолуучуга иштин жагдайы боюнча суроолорду беришти.
Соттолуучу Баткен райондук администрациясында сектор башчы болуп иштеп турган убакта, Окмоттун 2014-жылдын 21-январындагы 44 сандуу токтомунуна таянып, кошумча жумуш аткаргандыгы учун 2/4 коэффиценти менен, ашыкча айлык акы алып турган, бирок  прокуратура бул токтомдо кошумча маяна сектор башчысына эмес, башкы эсепчи кызматына белгиленген деп,  соттолуучуга карата 97 мин сом материалдык зыян эсептеген. Бирок, бугунку кундо келтирилген зыянды мамлекетке кайрадан токкон.
Ал эми 2-эпизод боюнча, соттолуучу тендер откоруунун жол –жоболорун билбестен, тушунбостон, жумушка керектелуучу материалдар менен камсыз кылуу учун, жумуштун кызыкчылыгы учун откоргонбуз, тендер боюнча такыр маалымат жок болчу, буйрук менен, комиссия тузулуш керек экенин тергоодон кийин билгенин айтты.
Андан кийин эки кубо суралды, учунчу кубо кечигип жаткандыктан 30 минутага тыныгуу жарыялады. 11:30 кайрадан сот отуруму уланып, учунчу кубо суралды. Сот отурумунун катышуучулары жарыш созго даяр эмес болуп, кийинки сот отуруму 22-март саат 14:00  калтырылды.