Соттор алдамчылыка туура чекит кое алабы, же ...... ?

добавлен 01 ноября 2017 12:13
просмотров 1575

 

 

Сот реформасын көзөмөлдө боюнча Жарандык кеңештин кабылдамасына Акматова Гулжамал эже келип оз көйөюн айтып берди.

Иштин маңызы: Акматова Г. 2003 жылы Кыргызөнөржайкурулуш банкынан 200 миң сом насыя алат. Ай сайын насыянын % төлөп, насыянын төлөө убактысы жакындап (30 сентябрь 2004 жыл), алган каражатын чогултуп банкка алып баратканда кошуна баласы маңдайынан чыгып, банкка кетип баратканын билдирет. Колундагы акчаны баланчага берип койчу, деп өзү Бишкек шаарына шашылыш чыгып кетет. Эртеси күнү ал төлөнгөн акчанын квитанциясын Акматованын кызына банктын кызматкери берип коет. Ошентип Акматова алган насыяны төлөп салдым деп тынч жүрө берет. Бир тооп убакыт өткөндөн кийин баягы төлөнгөн каражат Иманалиев Н. аркылуу төлөнгөн деген квитанция пайда болуп, бул карызды мен төлөгөм, деп насыя алынып жатканда күрөө катары коюлган кафени талаша баштайт. Эженин айтымында бул ишке ошол Кыргызөнөржайкурулуш банкынын жетекчиси дагы кийлигишүүсү менен болгон, дейт. Ошол кездеги банктын жетекчисине Улан Мамбеткалиевке жана акчаны мен төлөгөм деген Нурбек Иманалиевке дагы кылмыш иши козголгон. Айта кетчу нерсе, эжени коркутабыз, деген ой менен Акматовага дагы кылмыш иш козгогонго чейин барып, камака алганга жетишкен. Башкы прокуратуранын ушул боюнча каты бул жерде.

14.07.2006 жылы Ысык-Кол областынын район аралык сотунун судьясы Асанова Калида Иманалиевдин доо арызын карап сатып алуу келишимди анык деп табып берүүнү суранса, доо арызын канаттандырып берип коет. Чечим бул жерде.

27 мартта 2007 жылы ушул чечим Жогорку сотко (Мукамбаева Г. А., Мухамеджанов А. Ж., Мамбеталиева А. Ж.) чейин жетип күчүнө калтырылган. Бирок Кыргыз Республикасынын Жогору Сотунун судьясы А. Ж. Мамбеталиева иж бобюнча озгочо пикир жазып чыгарып эсептеген - Иманалиев Нурбек Молдошевич менен Акматова Гулжамал Дюшеевна менен Иманжанова Чынара Орозонбековналарды ортосундагы ооз эки мыйзамга каршы тузулду деген, бирок жазуу жузунде тузулбогондуктон келишим жараксыз деп табылуусун, жаны чечим чыгарылууга жатат деп эсептейт элем. “Айдын-Кел” кафеси, кафетерий, жана кондитердик цех Акматова менен Иманжанованын менчиктеринде калтырылсын. Озгочо пикир бул жерде.

Улан Мамбеткалиев менен Нурбек Иманалиевке кылмыш ишинин алкагында  Ысык-Көл областынын УВДси экспертиза дайындалсын деп токтом чыгарат, анткени Н. Иманалиев төлөгөн кагаздар  үч ар бөлөк квитанция менен аныкталган, а мыйзам чегинде болсо ал бир эле берилип, бардык экземплярлары бирдей болушу керектигин айтышат. Токтом бул жерде.

Ушул нерсеге таянып Акматова баягы жогорку сотко чейин бекип калган соттун чечимине жаңы ачылган жагдай, деп бере баштайт.

15.12.2015 жылы Ысык-Көл областынын район аралык сотунун судьясы Тагаев Мелис Акматова Г. тарабынан 2006 жылдын 14-июлунда чыккан чечимине жаңы ачылган жагдай боюнча ишти кайра баштоо боюнча арызын карап, канаттандыруусуз калтырды. Чечим бул жерде. Ушул чечим Ысык-Көл областык сотунда дагы күчүндө калтырылды.

Эми 2017 жылдын 6 ноябрь куну Жогорку сотто каралат экен, көзөмөл  соттук инстанция мыйзамдуу чечим кабыл алабы - ЧОҢ СУРОО???

P.S. Чогулткан акчам сом менен болчу, сом менен төлөнгөн деген Акматова эже сыздаганы сыздаган, Иманалиев болсо берген сумканы ачкан дагы эмес окшойт, анткени сот отурумунда жарым акча доллар менен жармы сом менен төлөнгөн деп көргөзмө берип келген.