Кызыл-Кыя шаардык сотуна мониторинг

добавлен 15 сентября 2017 15:39
просмотров 1357

 

 

         2017-жылдын 12-сентябрында Кызыл-Кыя шаардык сотуна мониторинг жургузулду. Судьялардын кароосундагы иштердин тизмеси жаныланып илинген.
Кызыл-Кыя шаардык сотунун торайымы М. Т. Бекишованын кароосунда саат 9:00го коюлган жарандык иш чогулуш болуп аяктагандан кийин 10 минут кеч башталды. Сот отуруму сот залында отту. «Соода-сатык келишимин болду деп табуу жонундо» каралып жаткан ишти  жарыялап, катышуучуларды аныктады. Госрегистр менен жоопкердин бироосу белгисиз себептер менен келген жок. Доогер менен  жоопкер К. Кагиров алардын катышуусу жок ишти карай берууну сурашты. Судья ишти кароо жонундо оз ордунда аныктайт деп билдирди жана андан ары улантты.  Укук милдеттер тушундурулду, отунуч суралды.
         Доогер Н.Таштанова ишти кароосуз калтыруу боюнча отунуч келтирди жана доо арызды кайтарып беруусун сурады. Судья отунуч боюнча жоопкердин оюн сурады, ал каршы эмесмин, макулмун деп айтты. Судья озунчо болмого болунду жана Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 223- беренеси менен ишти кароосуз калтыруу боюнча жана доо арызды кайтарып беруу отунучту канаттандырды.