Баткен облустук сотуна байкоо жургузуу.

добавлен 07 сентября 2017 15:08
просмотров 1155

 

 

2017- жылдын 5-сентябрь күнү Баткен облустук сотуна байкоо жүргүзүлдү.
Сот коллегиясынын курамы А.Тумоновдун төрагалыгында, судьялар: У.Толубаева, Б.Алибаев  апелляциялык тартипте  “эки баш уй, бир баш музоону кайтарып алуу жана моралдык зыянды өндүрүү” жөнүндө жарандык иш каралды. Саат 10:30го белгиленген сот отуруму өз убагында башталды.
          Соттук коллегиянын төрагасы кандай иш каралып жатканын жарыялап, катышуучулар боюнча катчыдан сурады. Катчы жоопкердин жактоочусунан ишти башка күнгө калтыруу боюнча арыз келип түшкөнүн билдирди. Соттук курам доогер менен анын жактоочусунун  оюн сурады. Алар жолдун алыстыгы жана доогердин жашы отуп карып калгандыктан кыйналып жатканын айтып, ишти карай берүүнү суранышты. Соттук коллегия жайында кеңешип, ишти кароону улантышты. Соттун курамына ишенбөөчүлүк, өтүнүчтөр суралды жана укук милдеттер түшүндүрүлдү. Доогердин жактоочусу иш боюнча справкаларды берди. Андан кийин судья У.Толубаева иш боюнча баяндама жасады. Доогер жана анын  жактоочусуна сөз берилди. Иш боюнча эки күбө келген, алар кезеги менен суралды. Соттук териштирүү аяктап, жарыш сөзгө өттү. Доогер арызды канаатандырып берүүсүн сурады, анын жактоочусу учурда базар баасына ылайык эки уй 40 минден 80 мин, бир музоо 20 мин, жалпы 100 мин материалдык чыгым жана 50 мин моралдык чыгым өндүрүп берүүнү сурады. Соттук коллегия жашыруун бөлмөгө бөлүндү. Бир аз убакыт өткөндөн кийин келип, чечимди угузду. “Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун чечими бузулсун, доогердин арызы жарым жартылай канаатандырылсын, эки уй 80мин,бир музоо 20 мин, жалпы 100 мин сом материалдык чыгым өндүрүлсүн, моралдын чыгым өндүрүлгөн жок жана эки тарап ортодо 15 мин мамлекеттик чыгым толосун”- деп соттук акт угузду.