Таласта райондор аралык сотунун торагасы Т. Ибраимовдун ишине байкоо жургузулду

добавлен 15 августа 2017 17:17
просмотров 1330

 

 

Талас облусунун райондор аралык сотунун төрагасы Т.Ибраимовдун экономикалык ишти кароосу саат 10:00 го коюлган. Каралуучу иштердин тизмеси илинген. Байкоочу сот залына эркин тоскоолдуксуз кирип, байкоо жүргүздү. Тараптар белгиленген убакытта соттун коридорунда жана эшик алдында жүрүшкөн. Сот залына биринчи доогер тараптын өкүлү 10:24 тө кирген. Андан соң, жоопкер тарап 10:30 да кирген. Судья залга 10:34тө кирип, сот отурумун ачык деп жана эмне иш каралаарын жарыялады. Катчы бир тараптан өтүнүч түшкөнүн билдирип, өтүнүчтү судьяга берди. Андан соң, залдагылардын өздүктөрүн тааныштырып кетүүсүн суранды. Сот отуруму официалдуу (орус) тилде болгондуктан, жоопкер тарап үчүн котормочунун кереги барбы деп сурады. Керек деген жооп алган соң, экинчи тарап макулбу деп сурады. Макулдугун берген соң, котормочу чакыртылып келди. Сот отурумуна чакырылгандардан келбеген тараптар болгондуктан, иштин каралып уланышына макулсуңарбы деп сурады. 10:51 де жоопкер тараптын жактоочусу келди. Эки тараптын тең өздүгүн тастыктоочу документтери текшерилди. Эки тарапты тең ордунан туруусун суранып, алардын укук-милдеттерин түшүндүрдү. “Иш- боюнча башка өтүнүч барбы” деп сурады. Жоопкер тарап өтүнүчүн айтты, доогер тарап жоопкер тараптын өтүнүчүнө каршылыгын билдирди. Судья тараптарга иш- боюнча сөз берип суроо аркылуу керектүү маалыматтарды тактады. Сот отурумундагы териштирүүгө кошумча жокпу деп эки тараптын ой пикирин сурады. Эки тарапка жыйынтыктоо үчүн сөз берди. Андан сон реплика барбы деп сурады. Саат 12:34 тө кеңешүү бөлмөсүнө чыкты. 13:02 де келип, иш боюнча чыгарылган резалютивдик чечимин окуп отурумун жабык деп жарыялады.