Качанкыга чейин тараптардын сотко себепсиз келбегени улана берет?

добавлен 28 июля 2017 14:32
просмотров 1286

 

 

2017- жылдын 24- июль күнүнө Талас облустук райондор аралык сотунда судья Т. М. Ибраимовдун саат 14:00 го эки тараптуу келишимди жокко чыгаруу жана 9 500 000 сомду кайтарып берүү боюнча иш коюлган. Бирок белгиленген убакытта эч бир тараптын өкүлдөрү келген жок. Судья 15:10 до сот залына кирип сот отурумун ачык деп жана эмне иш каралаарын жариялады. Катчы иш боюнча эч ким келбегенин билдирди. Судья катчынын докладынан кийин катчыга “тараптар тиешелүү түрдө кабарланды беле”? деп сурап кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти. Бир аздан кийин кирип “жүйөсүз себептерден тараптар келбегенине байланыштуу иш кароосуз калтырылат” деп сот отурумун жабык деп жарыялады.