Талас шаардык сотунда жактоочунун келуусун кутуп бир иште 2 жолу тыныгуу жарыяланып, учунчусундо ишти кароо башка кунго жылдырылды

добавлен 05 июля 2017 14:10
просмотров 1072

 

 

Талас шаардык сотунда 2017- жылдын 27- июнь күнү Кылмыш- Жаза кодексинин 304- беренесинин 2- бөлүмү, 316 берененин 1- бөлүмү боюнча жызык иши каралды. Каралуучу иштердин тизмеси коридордо илинген. Акыркы убактарда каралуучу иштердин тизмелери дайыма жаңыртылып илинип калды. Ишти кароо саат 14:00 го коюлуп убагында башталды. Байкоочу сот залына эркин кирди. Судья сот отурумун ачык деп жана эмне иш каралаарын жарыялады. Катчыдан иш боюнча келгендер жөнүндө маалымат алгандан кийин соттолуучу жактоочусу кечигип жатканы тууралу судьяга билдирди. Судья өз ордунда кеңешип 15 мүнөткө тыныгуу жарыялады. Белгиленген убакыт өткөндөн кийин судья сот залына кирип ишти кароо улантылаарын айтты . Соттолуучунун жактоочусу  бир саатка кечигип жатканын соттолуучу судьяга билдирди. Судья өз ордунда кеңешип ишти кароону саат 16:00 го чейин тыныгуу жарыялады, ушул убакыт аралыкта жактоочу башка иште катышуучу болуп жүргөндүгүн тастыктоого документтерин  алып келүүсүн буйруду.  Саат 16:00 до соттолуучунун жактоочусу келбегенине байланыштуу ишти кароо башка күнгө жылдырылды.