27-июнь 2017-жыл Кадамжай райондук сотуна байкоо жургузулду

добавлен 05 июля 2017 09:46
просмотров 937

 

 

2017-жылдын 27-июнь куну Кадамжай райондук сотуна байкоо жургузулду. Кадамжай райондук сотунун төрагасы Ж.Момбаевдин кароосунда саат 9:00го белгиленген  «нике кубөлүктү ажыратуу» жөнүндө жарандык иш саат 9:40та башталды. Себеби жоопкер кечигип келди.Судья  процессти өз кабинетинде өткөрдү. Төрагалык кылуучу сот отурумун ачык деп жарыялап, катышуучуларды аныктады. Укук милдеттер түшүндүрүлдү, өтүнүчтөр суралды. Андан кийин доогерге сөз берди. Жоопкердин да пикирин укту. Жарашуу учун убакыт керекпи, ортодо эки бала бар экен деп судья сурады. Бирок, эки тараптар тен доо арызды колдоорун билдирди. Судья чечим кабыл алуу учун жашыруун бөлмөдө калды. Бир аздан кийин судья Кыргыз Республикасынын Үй-булө кодексинин 22,24- беренелери жана ЖПКнин 199,201- беренелерине таянып, доо арыз канааттандырылат, ал эми жоопкер тарабынан 1000 сом өлчөмдө мамлекеттик алым төлөнсүн   деп соттук акт чыгарды.