Видео: Коррупцияга курош кучоп баратат

добавлен 29 февраля 2012 17:55
просмотров 973

 

 

 

Бишкек, 28-февраль 2012-жыл, КТРК. Буга чейин деле Ак үйдүн 7-кабатына жетип калыптыр деген коррупция менен күрөшүү боюнча иш-аракеттер көрүлүп, Жарлык, токтомдор токулуп, бирок бүткөн иштин майнабы коомчулуктун купулуна толбой келген. Бул жолу Президент Атамбаев, коррупция менен күрөшүү мурдагыдан айырмаланып күчтүү жүрсүн деп, жыйынтыктуу иш алып барууну буйруду. Ушундан уламбы, иштегенине жүз күн болгон УКМК алдындагы коррупцияга каршы кызмат, аткарып жаткан иши туурасында азын-оолак отчет берди.

Бектен Сыдыгалиев, УКМК төрагасынын биринчи орун басары, коррупцияга каршы кызматтын директору:

“УКМК Коррупцияга каршы кызматы иштей баштаганына жүз күн болду. Бул аралыкта биз пара алуу фактысы боюнча 20 кылмыш ишин козгодук. Ал эми 2011-жылы жалпысынан коррупцияга байланыштуу 40 кылмыш иши гана козголгон. Ошондуктан, жыл акырына чейин коррупцияга каршы дагы көп кылмыш иши козголот. Учурда Коррупцияга каршы кызматка карата ар кандай сындар айтылганы менен элдин ишеними арта баштады. Анткени январда коррупцияга байланыштуу 298 арыз келип түшсө, февралда 723 арыз түштү.”

Коомчулук болсо -качан жогору жактагы алкымы араандай ачылган алдым-жуттум делген коррупционерлер кармалып бети ачылат деп күтүп турат. Ошондой жыйынтыкты көргөзгөндө гана эл бул кызматка ишенчүдөй.

1.Балык башынан сасыйт, бирок аягынан тазалайт дейт го, коррупционерлердин баардыгы эле жогору жакта отурушат.

2.Коррупция менен күрөш дешет, өздөрү тазаланмайынча кандай болот?

Чындап эле эл паракорчулук менен күрөшүү башталгандыгына ишенүү үчүн, президент майда-барат кызматкерлерди эмес, алкымы чоң алдым-жуттум дегендердин бетин ачуу керектигин билдирген. Себеби ири суммадагы паракорчулардан арылып, коррупциялык схеманы жоюу менен бюджетти толуктаса болоорун, жакында эле президент “Эхо Москвы” радиосуна интервью бергенде айткан.

Алмазбек Атамбаев, Президент:

“Өткөн жылы салык жана бажы кызматтарында коррупция менен күрөшүү жүрүп, бюджетке түшкөн каражаттын көлөмү өскөн. Мисалы, бажыдан эле бир жарым эсеге көп каражат түштү. Мен билем- өлкөдө канча деген акча уурдалып жатканын, жанагы швед жазгандай, бизде коррупция мамлекеттик башкаруунун ыкмасы болуп калган. Ошондуктан мен президент болоорум менен коррупцияга каршы кызмат түздүм. Мен баардык чиновниктерге эскертүү бердим, бул жолу кечирим же кол тийбестик болбойт. Мисалы учурда үч сот кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Азыр Кыргызстанда атка-минерлер, соттор, прокурорлор министрлер жана депутаттар түшүнө баштады, эгер алар мыйзамсыз ишке барса, аларга кечирим болбосун. Баардыгына эскертүү берилген.”

Бирок коррупцияга каршы кызматтын паракорчулук менен күрөшүүдө мыкты мыйзамдык базасы жок экендигин УКМКнын төрагасы Шамил Атаханов парламентте айткан. Ошондуктан айрым учурларда коррупцияга байланышы бар адамдардын бетин ачуу солгун тартып жатат. Бул маселени чечип берүүнү Жогорку Кеңештин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети учурда карап жатат.

Туратбек Мадылбеков, Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата-Мекен” фракциясы:

“Коррупцияга каршы кызматтын укуктарын кеңейтүү боюнча президенттик аппараттан кат келди, учурда ошол маселесин чечип берүүнү карап жатабыз. Ал эми бул кызмат боюнча айта турган болсом, азыр аларга баа берүү эрте, убакыт өтсүн, анан алар өкмөткө кеңири отчет бергенде айтабыз, натыйжалуу иштеди же ишин аткара алган жок деп.”

Коррупцияга каршы кызматы азырынча 20 гана кылмыш ишин козгоду, алардын ичинен ири суммага зыян келтирди дегендер “Альфа телекомдун” жетекчилиги жана “Аюу” ишканасы болду. Коррупцияга каршы кызматтын жетекчиси Бектен Сыдыгалиев болсо, алдыда дагы 10 ай убакыт бар, бул жылда дагы көптөгөн коррупционерлерди ал жетектеген кызмат ачыкка чыгараарын айтат.

Ж.Өмүрканов, КБК

Система Orphus