2017-жыл 7-июнь Кадамжай райондук сотуна байкоо жургузулду

добавлен 13 июня 2017 14:56
просмотров 1344

 

 

2017-жылдын 7-июнь күнү Кадамжай райондук сотуна байкоо жүргүзүлдү. Бардык судьялардын  кароосундагы иштердин тизмеси илинген, бирок өзгөртүлгөн учурда катчылар аны жанылаган эмес. Анткени, тизмеде корсотулбогон «никени бузуу» жонундо жарандык иш Кадамжай райондук сотунун төрагасы Ж.Момбаевдин кароосунда саат 10:30да башталды. Байкоочу тизмеде жок экенин айткан учурда төрагалык кылуучу иштин ичинде бар, ушул күнгө ушул саатка белгиленгенин көрсөтүп, катчыдан эмне үчүн жанылабаганын сурады. Катчы болсо жетишпей калганын айтты. Соттук процесс өз тартибинде өтүп, тараптарга 7-августка чейин 2 ай мөөнөт берди.


    Саат 11:00го белгиленген Судья Ж.Алимбекованын кароосунда  «аталык укуктан ажыратуу» жөнүндө жарандык иш саат 11:40та башталды. Себеби алдыда болгон сот отуруму 11:30да бутконуно байланыштуу. Балдардын укугун коргоочу соц адистер 10 минут кечигип келди. Судья кандай иш каралып жатканын жарыялап, катышуучуларды аныктады, укук милдеттери түшүндурулду, отунучтор суралды. Доогердин адвокаты келе албай калганына байланыштуу анын катышуусуз карап берүүсүн арыз менен отунуч келтирди. Судья канааттандырылат деп жайында токтом кылды. Тараптардын ой-пикирлерин сурады, тактоочу суроолорду берди. Ортодогу балдар 10 жаштан жогору болсо алардын оюу, калоосу суралат. Эки тараптын балдарынын кызыкчылыгы учун жашоо шарты кандай экени менен таанышып, суйлошуп келууну соц адистерге тапшырды жана канча убакыт керек сурады. 15-июнь саат 14:00го калтырылды.
   Судья И.Тажибаевдин кароосундагы иштердин тизмесинде 7-июнга сот отуруму коюлган эмес, бирок судья туштон кийин саат 15:00до кандайдыр бир кылмыш иш боюнча сот процессин өз кабинетинде откоруп баштады.

    Ал эми сот залында болсо, У.Ажиматовдун кароосундагы саат 15:00го белгиленген кылмыш иш боюнча 25 угуучу, аксакал кишилер жана аялдар кутуп отурушту. Катчы келип жабырлануучунун мыйзамдуу окулу кечигип жатканын айтып, келишин кутуп турууну суранды. Ал жабырлануучунун мыйзамдуу окулу бир сааттан кийин келип, повестка албаганын жана телефон аркылуу чакырганда алыстан жетишип келгиче кеч калганын айтып кечирим сурады. Кайрадан катчы келип,  соттолуучунун адвокаты башка процесске кирип кетти, эми анын процесстен чыгышын кутууго тура келип жатат деп билдирди. Ошентип отуруп саат 17:30да КЖКнин 171-315- беренелери менен кылмыш иши башталды. Торагалык кылуучу сот отурумун ачык деп, каралып жаткан ишти жарыялады. Күбөлөрдун сыртка чыгып туруусун отунду. Укук милдеттер тушундурулду, отунучтор суралды. Андан кийин соттук териштируу башталды. Жабырлануучунун мыйзамдуу окулун сурады, кезеги менен төрт кубону сурады. Соттолуучунун жактоочусу дагы эки кубо суралыш керек деп отунуч келтирди, мамлекеттик айыптоочу да колдоду. Кийинки отурум 19-июнь  саат 14:00го калтырылды жана саат 19:00до судья сот отурумду жабык деп жарыялады.