Талас райондук сотунда иштерди кароо судьялардын болмосундо гана отот.

добавлен 08 июня 2017 17:48
просмотров 1287

 

 

2017-жылдын 7- июнь күнү Талас райондук сотунун судьясы Н. К. Калматовдун жарандык ишти кароосуна байкоо жургузуудө төмөндөгүлөр байкалды.

         Каралуучу иштеридин тизмеси коридордо атайын стендте илинген. Сот отуруму саат 10:00  коюлуп тараптардын кечиккенине байланыштуу 15 мүнөткө кеч башталган.  Байкоочу тараптар менен чогу судьянын бөлмөсүнө кирип, соттук териштирүүгө мониторинг жүргүздү. Эскерте кетсек Талас райондук сотунда иштерди кароо судьялардын бөлмөлөрүндө өтөт.  Торагалык кылычуу сот отурумун ачык деп жарыялабастан, эмне иш каралаарын окуду. Андан кийин тараптардын жана жоопкердин өкүлүнүн өздүктөрүн паспорт, ишеним кат жана ооз эки суроо аркылуу тактады. Судья сот отурумунун курамын жарыялап: “Сот отурумунун курамынан баш тартуу жокпу? Ишеним көргөзөсүздөрбү?”- деп сурады. Андан кийин тараптардын укук-милдеттерин түшүндүрүп,  соттук териштирүүнүн алдында өтүнүч,  сунуштар жөнүндө сурады. Торагалык кылуучу  иш боюнча доогерди сурап жаткан малда доогердин өкүлү судьядан уруксат сурап кирип, сотко чакыруу жиберилбегенин, повестка  албаганына байланыштуу телефон аркылуу кеч угуп кечигип келгенин айтып ишке катышты. Жыйнтыгында доогердин өкүлү иш боюнча күбөлөрдү суроо үчүн сот отурумун жылдырууну өтүндү. Судья  доогердин өкүлүнүн өтүнүчүн канаатандырып сот отурумун 14- июнь саат  10:30 белгиледи.