Соттук отурумдардын бардыгы козомолдо болот

добавлен 29 февраля 2012 17:05
просмотров 886

 

 

 

Бишкек, 29-февраль 2012-жыл, КТРК

Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөлөрү мындан ары сот бутагына көзөмөл жүргүзүүнүн жаңы ыкмасына өтөт. Бул тууралуу бүгүн Коомдук биринчи каналдын маалымат борборунда болгон жыйында жарандык кеңештин өкүлдөрү билдирди. Алардын айтымында, буга чейин жалпы көзөмөл жүргүзүлүп келсе, мындан ары бир соттук териштирүү иши аягына чейин чыкмайынча көзөмөлгө алынат. Жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сөзүнө караганда, көзөмөлдүн тереңирээк жүргүзүлүп жатканынын себеби бар. Анткени жарандык кеңештин коомдук кабылдамасына түшкөн каттардын баарында атуулдар сот жараяны создуктурулуп жатат деген даттанууларын жазган. Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин өкүлү Сабыржан Мамбетов эмне себептен сот отурумдары кийинкиге жылдырылып жатканы белгисиз экенин айтат. Ал эми алар ар бир териштирүү ишине жекече көзөмөл болсо, мындай көрүнүштөр жоюлат деген ойдо.

 Сабыржан Мамбетов,Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин юристи:

“Мурда биз жалпы мониторинг жүргүзүп келгенбиз. Азыр ар бир ишке дыкат карайбыз. Мисалы, Биринчи май райондук соту көптөн бери бир ишти созуп жатат. Бул жерде ар бир инстанцияга түшсө көзөмөл салып, ар бир инстанцияга кеткени аягына чейин мониторинг болот. Ачык-айкындуулук болот”.

Жогорку Кеңеш сот ситемасын жаңылоого багытталган мыйзамды толуктап, талкуулап, анан кабыл алмайынча сот реформасы ишке ашпайт. Мындай пикирин сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсү Нурбек Токтакунов бүгүн маалымдады. Анын айтымында, кеп “сотторду тандоо кеңеши” жана “судьялардын макамы” тууралуу мыйзам жөнүндө болуп жатат.

Эскерте кетсек, бул мыйзамдарды сотторду реформалоо боюнча түзүлгөн комиссия талкуулап жатат. Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсүнүн айтымында, жарандык коом бул мыйзамга атаандаш долбоор сунуштаган.

Нурбек Токтакунов,Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсү:

"Азыр мыйзамдар Жогорку Кеңеште талкууланып жатат. Бул мыйзамдар талкууланып такталмайынча, сот ситемасында реформа алдыга жылбайт".))

Н.Жумабекова, КБК

Система Orphus