Талас шаардык сотуна байкоо жургузуу

добавлен 05 июня 2017 17:08
просмотров 1244

 

 

2017- жылдын 1 июнь куну Талас шаардык сотунун судьясы Д. С. Суйналиевдин кароосундагы иштердин тизмеси илинген. Тизмедеги саат 14:00 коюлган жарандык ишти кароосуна байкоо жургузулду. Сот отурумун 14:12  төрагалык кылуучу судья Д. С. Суйналиев ачык деп жана эмне иш каралаарын жарыялады. Байкоочу сот залына эркин кирди. Катчынын сот отурумуна келгендер боюнча маалыматын уккандан кийин, жоопкердин, доогердин жана алардын өкүлдөрүнүн өкүлдүктөрүн жан өздүгүн ишеним кат, паспорт жана ооз эки суроо аркылуу тактады. Андан кийин төрагалык кылуучу сот отурумунун курамын жарыялап катышуучулардан “Cот отурумунун курамына ишеним көргөзөсүздөрбү?”,- деп сурады. Андан соң ишти териштирип баштоонун алдында катышуучулардын өтүнүчтөрүн сураганда, жоопкер сот отурмуна башка дагы жоопкерлерди чакыртуусун жана сот отурумун башка күнгө жылдырууну өтүндү. Судья жоопкердин өтүнүчүн канаатандырып ишти кароону 15 июнь саат 14:00  белгилеп, сот отурумун жабык деп жарыялады.