Нарын шаардык сотунун судьясы кочмо отурумун откозду

добавлен 05 апреля 2017 18:50
просмотров 1935

 

 

2017-жылдын  27-мартында  Нарын шаардык сотунун  судьясы Сейдакмат кызы Назира Нарын шаарынын тургуну Б. Исраилованын арызынын негизинде жарандык ишти кароосуна байкоо жургузулду. Арызды кароо Нарын шаарындагы «Береке» базарында өттү, эки тараптын чыр болуп чечилбей жаткан жер маселесин судья жерине барып карады. Бул жарандык иш үч жылдан бери чечилбей келүүдө,  эки жолу Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда  каралган. Судья Сейдакмат кызы Назира  талаш жердин аянттын  метр менен ченетти, тараптардын колундагы жер тууралуу документтер менен таанышты. Комиссия түзүлүп, ага   Нарын  шаардык  мамлекеттик  каттоо  башкармалыгынын,  экотех инспекциянын, шаардык архитектуранын, муниципалдык мекеменин өкүлдөрү катышты . Судья  иштеги материалдарды дагы бир жолу текшерип, андан кийин  чечим чыгаруу үчүн 2017-жылдын 5-апрелине соттук отурумду   жылдырды.