Талас облусунун Бакай–Ата райондук сотуна байкоо жургузуу

добавлен 07 февраля 2017 14:51
просмотров 1362

 

 

2017- жылдын 2- февралында Талас облусунун Бакай – Ата райондук сотуна байкоо жүргүзүлдү. Сотко тиешелүү аянт курчалган, имараттын ичине жана тышына видео көзөмөл жүргүзүү үчүн камералар орнотулган. Эскерте кетсек 2017-жылдын 5- январында жүргүзүлгөн байкоодо видео көзөмөл жүргүзүү үчүн камералар орнотула элек эле.  Сот имаратынын коридорунда сотко кайрылуу  учун арыз жана доо арыздардын үлгүлөрү жана каралуучу соттук иштердин тизмеси илинген.

Бакай – Ата райондук сотунда штат боюнча 2 судья  иштейт.Соттун төрагасы Турсункулов Бообек Шамалбекович, судья Кермалиев Нурмухамбет Байысбекович.

Төраганын 2017- жылдын 2- февралына саат 10:00 жана 10:30 коюлган жарандык иш боюнча соттук кароосуна эч бир тараптар келбегенине байланыштуу, соттук кароо жылдырылды.

Кермалиев Н. Б. кароосундагы саат 09:30, 10:30 дагы жарандык иштер да тараптардын келбегенине байланыштуу жылдырылды. Ошол эле судьянын  саат 11:00го коюлган Жазык кодексинин 304- берененин 2 пункту, 152- берене, 171-берене боюнча жазык ишке байкоо жүргүздук. Соттук отурум белгиленген убакта башталды. Судья Кермалиев Н.Б. соттук отурумду ачык деп жарыялап, кайсы иш каралып жаткандыгын угузду. Судья катчыдан соттук отурумга  келген тараптар менен таныштыруусун сурады. Катчынын билдирүүсү боюнча соттолуучулардын бирөөсүнүн жактоочусу келбегени белгилүү болду. Судья бул маселе боюнча сот отурумунун катышуучулардын оюн сурады. Тараптар 1-чи соттолуучунун жактоочусунун катышуусу зарылдыгын белгилеп, ал катышуусу үчүн отурумду башка күнгө жылдырууну соттон өтүнүштү. Сот тараптардын өтүнүчүн, канааттандырып соттук отурумду 2017- жылдын 6-февралына саат 13:00го белгиледи.