Талас облусунун Манас райондук сотуна байкоо жургузуу

добавлен 01 февраля 2017 13:32
просмотров 1192

 

 

Манас райондук сотуна байкоо 2017 жылдын 31- январында жүргүзүлдү, соттун имараты эки кабаттуу, учурда капиталдык оңдоо жүруп жатат. Эшигинин алдында үстү жабык олтургучтар орнотулган. Соттун имаратынын аянты толук курчалган. Бир соттук зал бар, копьютерлер интернет чубалгыга кошулган. Видео көзөмөл жүргүзүлбөйт.

            Манас райондук сотунда штат боюнча эки судья, учурда экөө тең иштешет. Төрага Шатманов Дүйшөнкул Жээнбекович, судья Айдаралиева Венера Калмуратовна.

            2017- жылдын 31 январында судья Айдаралиева Венера Калмуратовнанын кароосунда иш болгон эмес. Төрагын кароосунда саат 11:00 го ажырашуу боюнча жарандык иш коюлган. Атайын коридордо уюштурулган стендте каралуучу иштердин 2017 жылдын 23- январындагы тизмеси турат. Капиталдык оңдоо жүрүп жаткандыгына байланыштуу каралуучу иштердин жаны тизмеси илинген эмес деп канцеляриядан билдиришти. Бирок концеляриядан келген жарандарга эмне иш болоорун айтып берип жатышты. Байкоочу төраганын жарандык ишти кароосуна катышты. Жарандык иш  саат 11:00 го коюлган, өз убагында кароо башталды. Соттук кароого байкоочу төраганын уруксаты менен кирди. Сот, соттук отурумун ачык деп жана кайсыл иш каралып жаткандыгын жарыялады,  процецесске катышкан тараптардын сотко келгенин аныктап алардын сотко ишеним көргөзүүшөөрүн сурады. Сот, соттук отурумдун курамын тааныштырып, тараптардын укук-милдеттерин тушундуруп берди.. Сот тараптардан сотко өтүнүчтөрүн сурады.Соттук териштирүү, жарыш сөз  болуп, жыйынтыгында  сот чечим чыгаруу үчүн катышуучуларды чыгып туруусун өтүндү. Арадан 10 минут убакыт өткөндөн кийин, катчы аркылуу соттук чечимди угузууга катышуучуларды киргизип, чечимин окуду.