Сот реформасы эми ишке ашаар

добавлен 21 февраля 2012 17:10
просмотров 899

 

 

 

Бишкек, 21-февраль 2012-жыл, КТРК

Өлкөдөгү сот тармагын жакшыртууга карата өтүп жаткан жыйында, комиссия маанилүү деген төрт маселени карады. Ага мурда сот тармагында иштеген талдоочулар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышып, эл өкүлдөрү менен эки сааттай талкуу өткөрдү.

Марат Кайыпов, көз карандысыз серепчи:

“Сот тармагы качан гана жакшы адилет болгондо, эл арасында аларга болгон ишеним артат, бирок сотторду кечке эле жамандап каралай бербеш керек. Алардын аброю мамлекет үчүн абдан маанилүү...”

Жыйынга келген көз карандысыз талдоочулар сот тармагын жакшыртуу 1994-жылдан бери токтоп калгандыгын айтып нааразы болушту. Бул реформаны өлкөнүн биринчи президенти баштап, андан кийин иш жүзүнө ашпай, азыр конституциялык сот жоюлуп, бийликтин бул тармагы толугу менен кулаганын көрсөттү.

Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата-Мекен” фракциясынын лидери:

“Сот тармагы бизде терроризмге, криминалдарга карап чечим чыгарат. Андай болбошу керек, өзгөчө чырдуу аймактарда дайыма ушундай”....

Соттор акыйкат чечим чыгарганы менен, алардын коопсуздугун камсыз кылуу -мамлекеттин милдети. Бул маселе да жыйында узакка талкууланды.

Нурбек Токтакунов, «Прецедент» укуктук борборунун жетекчиси:

“Кыргызстанда сотторду толук коргоо мүмкүн эмес. Эгерде соттор бизге өйдө жактан кысым болду, ошондуктан ушундай чечим чыгардык десе, анда алар сот эмес. Алардын чечими ар кандай телефон чалууларга же кызмат орундарга көз каранды болбошу керек”...

Ал эми комиссиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев парламент сотторго ар кандай каттарды жолдоп, акыйкатты суранганга жол бербей тургандыгын кошумчалады. Эми бул мыйзам долбоорунун акыркы варианты 30-мартта бекитилет.

Э.Нурматова, Р.Сабатаров, КБК

Система Orphus