Бишкекте “sot.kg” сайтына маалыматтарды активдуу жарыялаган сотторго сыйлык берилет

добавлен 20 мая 2016 11:56
просмотров 952

 

 

2016-жылдын 23-майында “Парк Отелде” “Сот актыларынын жана сот жыйналыштары жөнүндө маалыматтардын калкка ачык-айкындуулугун, маалымдуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга көмөктөшүү” долбоорунун жыйынтыктарын талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өтөт. Долбоордун алкагында коомчулуктун ушул маалыматтарга жетүүсүн кеңейтүү максатында www.sot.kg сайтына жайгаштырылган сот актыларын жана сот жыйналыштары тууралуу маалыматтарды жарыялоо процессине мониторинг жүргүзүлгөн.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун көмөктөшүүсүндө жана USAID менен DFIDдин финансылык колдоосунда “Коомдук талдоо жүргүзүү институту” менен бирдикте “Укуктун үстөмдүүлүгүн колдоо жана өнүктүрүү фонду” тарабынан ишке ашырылган.

“Укуктун үстөмдүүлүгүн колдоо жана өнүктүрүү фонду” Свердлов, Биринчи май, Октябрь, Ленин райондук пилоттук сотторунун жана Бишкек шаарынын Экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун сот актыларын жана сот жыйналыштары жөнүндө маалыматтарды жарыялоо процессине жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктарын берет. Мониторинг ошондой эле www.sot.kg сайтына жарыяланган сот иштери, жыйналыштары жана актылар тууралуу статистикалык маалыматтардын топтомун, соттордун адистеринен маалыматтарды алууну, ошондой эле мониторингдин жыйынтыгы боюнча судьялардын жана соттордун рейтингдик көрсөткүчтөрүн чыгарууну камтыган. Пресс-релиз.

Долбоордун демилгечилери 2015-жылдын декабрынан 2016-жылдын апрелине чейин мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча жогорку рейтингдик көрсөткүчтөргө жетишкен судьяларга жана алардын жардамчыларына, ошондой эле сот актыларынын жана сот жыйналыштары тууралуу маалыматтардын коомчулук үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу принцибин ишке ашырууга кошкон салымы үчүн сотторду ардак грамоталар менен сыйлоону пландаштырууда.