Жарандык коом www.sot.kg сайтынын иши тууралуу судьяларды сурамжылоо жургузуудо

добавлен 24 марта 2016 17:14
просмотров 1180

 

 

«Укуктун үстөмдүүлүгүн колдоо жана өнүктүрүү фонду” коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун көмөктөшүүсүндө Бишкек жана Ош шаарларынын судьяларынын арасында www.sot.kg сайтынын иши тууралуу сурамжылоо жүргүзүүдө. Сурамжылоо сот актылары жана башка маалымат жарыяланышы керек болгон ресурстун иши тууралуу судьялардын кабардар болуу деңгээлин аныктоого, ошондой эле маалыматка жетүүнү камсыз кылуу боюнча милдетти аткарууга тоскоолдук болгон себептерди аныктоого жардам берет.

Сурамжылоо “Калктын сотко болгон ишенимин чыңдоо максатында коомчулук үчүн сот актыларынын ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Анкеталоого Бишкек шаарынын райондук сотторунун, Ош облустук сотунун, Ош шаардык сотунун жана Ош шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун 90 судьясы катышат. Изилдөө ошондой эле судьялар менен маектешүү жүргүзүүнү карайт.

Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча www.sot.kg интернет порталында сот актыларын жана сот жыйналыштары тууралуу маалыматты жарыялоо процессин жакшыртуу боюнча сунуштамалар менен отчетту даярдоо пландаштырылууда. Отчет таанышып чыгуу, ошондой эле калың катмардын талкуулоосу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, пилоттук сотторго берилет. Пресс - релиз бул жерде.